top of page

ЧҮЙ ОБЛУСУНА 100 ЖЫЛ: ТАРЫХ, МУРАС ЖАНА КЕЛЕЧЕК

    20-октябрда Чүй облусундагы Чүй районунун Дөң-Арык айылында жайгашкан «Калча атындагы жалпы билим берүү мектеби» мекемесинде Чүй районунун жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин «ЧҮЙ ОБЛУСУНА 100 ЖЫЛ: ТАРЫХ, МУРАС ЖАНА КЕЛЕЧЕК» деген темадагы илимий-практикалык конференциясы болду.

    Илимий-практикалык конференциянын программасына ылайык төмөндөгүдөй баяндамалар угулду:

  1.  КИРИШҮҮ бөлүгү. «ЧҮЙ ОБЛУСУНА 100 ЖЫЛ: ТАРЫХ, МУРАС ЖАНА КЕЛЕЧЕК» — Баяндамачы: Конокбаева Эрмек Ниязбековна, Чүй облусундагы Чүй районунун Дөң-Арык айылындагы «Калча атындагы жалпы билим берүү мектеби» мекемесинин директору.

  2.  «ЧҮЙ ӨРӨӨНҮ — КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН ЖАНА АВТОНОМИЯСЫНЫН ТҮПТӨЛҮШҮНДӨГҮ СТРАТЕГИЯЛЫК БОРБОР» — Баяндамачы: Элебесова Айгүл Бейшенакуновна, педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.

  3.  «ЧҮЙ ОБЛУСУНУН КЫСКАЧА ТАРЫХЫ» — Баяндамачы: Турсунбеков Аблабек Турсунбеков, ардагер тарых мугалими.

  4.  «ЧҮЙ ОБЛУСУНУН БЕЛГИЛҮҮ ИНСАНДАРЫ» — Баяндамачы: Медеров Рапык Садарканович, айылдын ардактуу атуулу.

  5.  «ЧҮЙ ОБЛУСУНА 100 ЖЫЛ: ТАРЫХ, МУРАС ЖАНА КЕЛЕЧЕК» деген темадагы тажрыйбалык иш бөлүгү.

  6.  ЖЫЙЫНТЫКТОО. Чүй облусундагы Чүй районунун Дөң-Арык айылындагы «Калча атындагы жалпы билим берүү мектеби» мекемесинин тарых мугалими Мукай кызы Нурзат.

 

    Мугалимдердин, тарыхчы адистердин жана окумуштуулардын теориялык көз караштарын жана ой-максаттарын, сунуш-пикирлерин көпчүлүккө жеткирүү максатында жасалган бул баяндамалар суроо-жооптор жана пикир алмашуулар аркылуу кызуу талкууланды. Ошондой эле аларды педагогикалык ишмердүүлүктө, предметтерди окутууда жана окуучуларга таалим-тарбия берүүдө колдонуу жолдору мугалимдердин тажрыйбалык иштери аркылуу көрсөтүлдү.

 Жыйынтыктап айтканда, бул ИПК жалпы катышуучулардын кесиптик кызыгуусун арттырган өрнөктүү илимий-практикалык конференция болду.

WhatsApp Image 2026-10-21 at 17.10.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-20 at 11.51.36.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 16.52_edite
bottom of page