"Билим Ордо"
коомдук-интеллектуалдык фонду
+996-550-231803
+996-777-605408 (WhatsApp)
+996-777-808901 (WhatsApp)
aigulelebesova@mail.ru
elebesova312@gmail.com
БИЛИМ – ӨНӨР БУЛАГЫ
Мен – Изилдөөчүмүн!
ОБЛУСТУК ИЛИМИЙ-ТАЖРЫЙБАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ —
АТА МЕКЕН АЛДЫНДАГЫ ЖАРАНДЫК МИЛДЕТ
Мекеним менден башталат!
2021–2026-жылдары Кыргыз Республикасында
«Кыргыз жараны» деп жарандардын өзүн таануусун
өнүктүрүүнүн концепциясын жүзөгө ашыруунун алкагында
1. 2023-жылдын 15–16-сентябрында Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан «Билим Ордо» коомдук-интеллектуалдык фонду, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук билим берүү бөлүмү жана Азиз Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби менен биргеликте 2021–2026-жылдары Кыргыз Республикасында «Кыргыз жараны» деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын жүзөгө ашыруунун алкагында даярдалган жалпы билим берүү уюмдарынын (мектеп, гимназия, лицей) окуучуларынын жана мугалимдеринин, студенттердин жана окумуштуу педагогдордун «Ата Мекен алдындагы жарандык милдет» деген темадагы облустук илимий-тажрыйбалык конференциясы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Азиз Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде өткөрүлдү.
2. Илимий-тажрыйбалык конференциянын секциялары:
1-секция. Кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу.
3-секция. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү.
4-секция. Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына карата ишенимди жогорулатуу.
5-секция. «Адамдардын тарыхы — өлкөнүн тарыхы» жаран таануу долбоору Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө салым кошкон жана кошуп жаткан инсандар жөнүндө.
3. «Ата Мекен алдындагы жарандык милдет» темасындагы облустук илимий-тажрыйбалык конференцияга Тоң районунун Азиз Салиев атындагы, Болот Мамбетов атындагы, Турсунаалы Мырзамамбетов атындагы жалпы орто билим берүү мектептеринин, Кочкор районундагы «Шапак Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби» мекемесинин, Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы жалпы орто билим берүү мектеп-лицей-интернатынын, Бишкек шаарындагы № 91-мектеп-гимназиясынын, «Кыргызстан Эл аралык университетинин» Окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин Nomad колледжинин окуучулары жана мугалимдери өздөрүнүн илимий багыттагы баяндамалары менен катышты: 16 окуучу, 8 мугалим. Аларга Кыргыз билим берүү академиясынын Сертификаты тапшырылды.
4. Жалпысынан, Азиз Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары жана мугалимдер жамааты, Уюштуруу тобундагы 19, Илимий эксперттик комиссиядагы 15 мугалим жана окумуштуу педагогдор чыгармачыл жигердүүлүк менен эмгектенишип, Ысык-Көл облустук илимий-тажрыйбалык конференциянын ийгиликтүү өткөрүлүшү шартталды.
5. Эң жакшы даярдалган кызыктуу баяндамалары үчүн Тоң районундагы Турсунаалы Мырзамамбетов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу Темирканова Сауле Жоомартовна, Азиз Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 6-А классынын окуучусу Эреншаева Адинай, 11-классынын окуучусу Асылбекова Айтолкун Кыргыз Билим берүү академиясынын I даражадагы диплому, «Билим Ордо» коомдук интеллектуалдык фондунун «Түрк дүйнөсү: Мен — изилдөөчүмүн!» медалы, Тоң айыл өкмөтүнүн демөөрчүлүгү менен бөлүнгөн 3000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланышты;
6. Жакшы даярдалган кызыктуу баяндамалары үчүн Нарын облусунун Кочкор районундагы «Шапак Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби» мекемесинин 11-классынын окуучусу Эркинбекова Айжаркын, Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы жалпы орто билим берүү мектеп-лицей-интернатынын 10-классынын окуучусу Исмаилова Зухра Худайбердиевна Тоң районундагы Азиз Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 9-классынын окуучулары Жумабаева Сүйүн Бактыбековна жана Качкынова Айназик Улановна Азиз Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин II даражадагы диплому, Тоң айыл өкмөтүнүн демөөрчүлүгү менен бөлүнгөн 2000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланышты;
7. Кызыктуу баяндамалары үчүн Нарын облусунун Кочкор районундагы «Шапак Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби» мекемесинин 10-классынын окуучусу Курманбекова Айымжан, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Азиз Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 8-А классынын окуучусу Исматова Бермет Жаркынбековна, 9-классынын окуучулары Жолдошбекова Раушан Кубанычовна жана Шаршеева Асема Бакытбековна, Азиз Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин III даражадагы диплому, Тоң айыл өкмөтүнүн демөөрчүлүгү менен бөлүнгөн 1000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланышты.
«Ата Мекен алдындагы жарандык милдет» темасындагы облустук илимий-тажрыйбалык конференциясы ийгиликтүү аяктагандан кийин, 16-сентябрда, конференциянын катышуучулары үчүн «Тоң айылы —Манжылы-Ата мазары, Мойт Акенин күмбөзү — Кең-Сай «Жаратылыш жомогу» — Тоң айылы» маршруту боюнча кызыктуу саякат уюштурулду.
ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ТАЖРЫЙБАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ — СОЦИАЛДАШУУНУН БУЛАГЫ КАТАРЫ
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан «Билим Ордо» коомдук-интеллектуалдык фонду, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмү жана Эшмамбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби менен биргеликте уюштурулган түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы орто билим берүүчү уюмдарынын (мектеп, гимназия, лицей) окуучуларынын жана мугалимдеринин, студенттердин жана окумуштуу педагогдордун «Түрк дүйнөсү: Махмуд Кашгари-Барскани — даанышман түрк таануучу жана көрүнүктүү энциклопедиячы» деген темадагы Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясы 9–10-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Эшмамбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде болуп өттү.
Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциянын ишине Түркия Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Россия Федерациясынан, Украинадан жана Бельгиядан, ошондой эле Кыргызстандан окуучулар жана мугалимдер, студенттер жана окумуштуу педагогдор, окумуштуу тарыхчылар катышты. Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция оффлайн, онлайн жана видеожазма форматтарында өткөрүлдү.
Конференциянын пленардык отурумунда жана тийиштүү секцияларында белгилүү окумуштуу жана жаратман атуулдар: Кашгари-Барскани таануучу, тарых илимдеринин доктору, профессор Чоротегин Тынчтыкбек Кадырмамбетовичтин («Махмуд Кашгари-Барсканинин эмгеги — көөнөргүс булак» деген ж.б. монографиялардын автору) жана илимий сүрөткер художник Ибрагим Бакировдун видеокайрылуулары көрсөтүлдү, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Табалдыев Кубатбек Шакиевичтин 2 илимий баяндамасы, Түркия Республикасынын Адана шаарындагы Чукурова университетинин улук окутуучусу, доктор Хүснү Чагдаш Арсландын 3 илимий баяндамасы угулду. ИТКнын пленардык отурумунда жана секцияларында жалпысынан 32 илимий баяндама угулду.
Бельгияда жашаган Ибрагим Бакировдун даңазалуу бабабыз Махмуд Кашгари-Барсканинин — орто кылымдардагы кыргыз окумуштуусунун — элесинин шарттуу түстүү сүрөтүн көргөндө жана баяндамасын укканда катышуучулардын баары тең кубатташып, дүркүрөтө кол чаап (!) жиберишти.
Бул эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциябызга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министринин орун басары, филология илимдеринин кандидаты Абдраева Айгүл Төлөковна катышып, конференциянын катышуучулары — окуучулар жана мугалимдер менен Махмуд Кашгари-Барсканинин өмүр жолу жана көөнөрбөс залкар эмгеги тууралуу ой бөлүштү.
10-сентябрда «Түрк дүйнөсү: Махмуд Кашгари-Барскани — даанышман түрк таануучу жана көрүнүктүү энциклопедиячы» темасындагы Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциябыздын иши улантылып, конференциянын Резолюциясы кабыл алынды.
10 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан бул «Түрк дүйнөсү» багытындагы Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциялардын жигердүү уюштуруучуларына жана катышуучуларына, ошондой эле Эшмамбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин тажрыйбалуу жана уюштуруучу педагогдоруна Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» медалы (3 катышуучуга) жана Ардак Грамотасы (5 катышуучуга), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Ардак Грамотасы (20 уюштуруучу жана катышуучу мугалимге), Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Эшмамбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин Ардак Грамоталары жана Ыраазычылык каттары берилди.
Андан соң, конференциянын катышуучулары «Барскоон — Тагай бийдин (Мухаммед Кыргыздын) такты ташы» маршруту боюнча саякат жасашып, Барскоон капчыгайындагы тарыхый жайлар — Барскан шаар чалдыбары, 1916-жылдагы Улуу Үркүндүн курмандыктарына тургузулган эстелик жана Тагай бийдин (Мухаммед Кыргыздын) такты ташы менен таанышышты. 2 маршрутка менен уюштурулган экскурсиялык жүрүштү участкалык МАИ кызматкерлери коштоп жүрүштү.
Ак жол сага, жаш жеткинчектердин, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясы!
«Түрк дүйнөсү: Махмуд Кашгари-Барскани — даанышман түрк таануучу жана көрүнүктүү энциклопедиячы» темасындагы Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциянын ийгиликтүү өткөрүлүшүнө демөөрчүлүк кылышты:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту.
«Билим Ордо» коомдук-интеллектуалдык фонду.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмү.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Эшмамбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү.
Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциянын ишине колдоо көрсөткөн мекемелерге, уюмдарга жана инсандарга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!
Окуучулардын жана мугалимдердин, студенттердин жана окумуштуу педагогдордун «Түрк дүйнөсү» багытындагы Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясын өткөрүүнүн демилгечиси, уюштуруучусу жана катышуучусу педагогика илимдеринин кандидаты Элебесова Айгүл Бейшенакуновна.
МЕЖДУНАРОДНАЯ НАУЧНО-ПРАКТИЧЕСКАЯ КОНФЕРЕНЦИЯ —
КАК ИСТОЧНИК СОЦИАЛИЗАЦИИ
В честь 30-летия независимости Кыргызской Республики, 9–11 сентября 2021 года, в общеобразовательной средней школе имени Эшмамбета Кендирбаева в селе Барскоон Джеты-Огузского района Иссык-Кульской области успешно прошла международная научно-практическая конференция учащихся и учителей общеобразовательных учреждений (школ, гимназий, лицеев), студентов и педагогов-учёных на тему: «Тюркский мир: Махмуд Кашгари-Барскани — выдающийся тюрколог и великий энциклопедист», организованная Республиканским институтом повышения квалификации и переподготовки учителей при Министерстве образования и науки Кыргызской Республики совместно с Общественно-интеллектуальным фондом «Билим Ордо», Джеты-Огузским районным отделом образования и общеобразовательной средней школой имени Эшмамбета Кендирбаева.
В международной научно-практической конференции приняли участие учащиеся и учители, студенты и педагоги, учёные историки из Турецкой Республики, Республики Казахстан, Российской Федерации, Украины и Бельгии, а также Кыргызстана. Международная конференция проходила в офлайн, онлайн и видео форматах.
На пленарном заседании и в соответствующих секциях конференции были выслушаны следующие известные учёные: показаны видеообращения Кашгари-барсканиеведа, доктора исторических наук, профессора Чоротегина Тынчтыкбек Кадырмамбетовича (автор монографий «Труд Махмуда Кашгари-Барскани – неиссякаемый источник» и др.) и художника-портретиста Ибрагима Бакирова, который написал портрет Махмуда Кашгари-Барскани, выступили со своими научными статьями доктор Хусну Чагдаш Арслан, старший преподаватель университета Чукурова города Адана Турции, профессор Кыргызско-Турецкого университета «Манас», кандидат исторических наук Табалдыев Кубатбека Шакиевич. Всего на конференции были выслушаны 32 статьи научного направления.
В момент, когда было продемонстрировано условное цветное изображение портрета Кашгари-Барскани – великого средневекового предка тюркоязычных народов, – и видеообъяснение художника Ибрагима Бакирова, живущего в Бельгии, участники конференции аплодировали (!).
В международной научно-практической конференции приняла участие Абдраева Айгуль Толековна, заместитель министра образования и науки Кыргызской Республики, кандидат филологических наук. Она поделилась своими мыслями с участниками конференции – учащимися и преподавателями – о жизни и неутомимом труде Махмуда Кашгари-Барскани.
10 сентября международная научно-практическая конференция «Тюркский мир: Махмуд Кашгари-Барскани — выдающийся тюрколог и великий энциклопедист» продолжила свою работу, и была принята Резолюция конференции.
Активным организаторам и участникам конференций «Тюркский мир», которые проводятся уже 10 лет, были вручены медаль «Кыргыз тили» и Почётная Грамота Национальной комиссии по государственному языку и языковой политике при Президенте Кыргызской Республики, Почётная Грамота РИПКиППР при МОиН КР, Почётные Грамоты
Джеты-Огузского районного отдела образования и средней общеобразовательной школы им. Э. Кендирбаева Джеты-Огузского района.
Затем участники конференции отправились на экскурсию по маршруту «Барскоон – Тронный Камень Тагай Бия (Мухаммеда Кыргыза)». Ознакомились с историческими местами в Барскоонском ущелье – городищем Барскоонской крепости, памятником жертвам национально-освободительного движения 1916 года и Тронным камнем Тагай-бия (Мухаммеда Кыргыза). Экскурсию сопровождали сотрудники ГАИ.
Доброго пути тебе, Международная научно-практическая конференция подрастающего поколения и студенческой молодёжи!
Выражаем глубокую благодарность учреждениям, организациям и отдельным лицам, поддержавших работу Международной научно-практической конференции на тему: «Тюркский мир: Махмуд Кашгари-Барскани — выдающийся тюрколог и великий энциклопедист».
Элебесова А. Б., к.п.н., инициатор, организатор и участник Международной научно-практической конференции «Тюркский мир» школьников и учителей, студентов и учёных педагогов.
«Түрк дүйнөсү» багытындагы илимий-тажрыйбалык конференциялар
«Түрк дүйнөсү» багытындагы илимий-тажрыйбалык конференциялардын максаты — түрк тилдүү мамлекеттердин тарыхын жана маданиятын илимий жактан изилдеп-иликтөө ишине педагогикалык жана илимий коомчулуктун, өсүп жетилип келе жаткан өспүрүмдөрдүн жана жаштардын көңүлүн буруу, ошону менен бирге бул проблемалар боюнча кызыкдар студенттер, окуучулар, окутуучулар, мугалимдер жана окумуштуулар арасында илимий дискуссиянын көтөрүлүшү үчүн жагдай түзүү. Албетте, биз өзүбүздүн көз карашыбызды таңуулоодон алыспыз, биздин милдетибиз — бул илимий негиздеги дискуссияга кызыкдар жана дилгир инсандардын бардыгы бирдей тең укуктуу катышуусун камсыз кылуу.
Түрк тилдүү элдердин тарыхый өнүгүүсүн өздөштүрүп билүү менен, көркөм адабий чыгармаларындагы каармандарды бири-бирине салыштыруу менен, тектеш сөздөрдү табуу жана изилдөө менен, түрк элдеринин турак жайларын жана турмуш-тиричиликтерин өздөштүрүү менен, окуучулар жана студенттер алардын руханий, маданий жана материалдык чөйрөлөрүн таанып билишүүдө. Ошону менен алар дүйнөгө башкача, билимдүү адамдын көзү менен карай башташат, алардагы баалуулуктарды тереңирээк өздөштүрүү менен, аларды барктоого, аздектеп сактоого жана урматтоого көнүгүшөт. Демек, мындай окуучулар асыл баалуулуктарды кастарлоо менен, бүлүндүрүүгө жана талкалоого жол беришпейт деп үмүт кылабыз. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жалпы билим берүүчү мекемелеринин (мектеп, гимназия, лицей) окуучуларынын жана мугалимдеринин, студенттердин жана окумуштуу педагогдордун «Түрк дүйнөсү» Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияларын өткөрүүнүн башкы факторлорунун бири мына ушул болуп саналат [10,11,12].
Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциялардын жыйынтыгында резолюциялар кабыл алынат. Ал резолюцияларда ИТКны өткөрүүнүн актуалдуулугу жана учурдун талабына ылайыктуулугу, бул багыттагы иш-чаралардын формаларынын жана методдорунун көр кырдуулугу, өз өлкөсүнүн жаранын калыптандыруунун руханий өзөгүн түптөй турган негиздемелер тастыкталат, окуучулардын патриоттуулугунун, мекенчилдигинин мазмууну байытылат.
Бул Эл аралык конференциялардын катышуучуларынын сунуш-пикирлери ушул багыттагы иштин мазмуунун жана формасын өркүндөтүү боюнча андан аркы иш-аракеттердин багыттоочу көрсөтмөсү болууда. Атап айта турган болсок, түрк тилдүү өлкөлөр (Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Турция) жана аймактар (Орусия Федерациясы, Кытай, Моңголия) менен, Москвадагы, Санкт-Петербургдагы, Новосибирскидеги, Пекиндеги, Стамбулдагы илимий борборлор менен кызматташууну кеңейтүү, алардын өкүлдөрүн лектор катары семинарларга жана ИТКларга чакыруу, дистанциялык ИТКларды өткөрүү сыяктуу колдон келе турган иш-чаралар.
Мына ошентип, түрк таануучулук тилди, тарыхты, маданиятты, адабиятты жана искусствону өздөштүрүүчү гуманитардык илимдердин комплекси катары биздин замандын адамынын көп маданияттуу компетенттүүлүгүн, толаренттуулугун калыптандырууга жана рухий дөөлөттөрүн өнүктүрүүгө зор түрткү болот. Ошондуктан бирдиктүү маалыматтык-билим берүүчүлүк чөйрөгө кирүү менен, биз этномаданий таалим-тарбия берүү жаатындагы эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө, мугалимдердин алдынкы тажрыйбаларын жайылтууга, окуучулардын түрк тилдүү элдердин тарыхын жана маданиятын билүүгө, терең өздөштүрүүгө болгон кызыгуусун арттырууга шарт түзүүгө аракет кылуудабыз. Окуучулардын Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияларын өткөрүүнүн максаты — бул түрк тилдүү мамлекеттердин тарыхын жана маданиятын илимий жактан изилдеп-иликтөө ишине педагогикалык жана илимий коомчулуктун, өсүп жетилип келе жаткан өспүрүмдөрдүн жана жаштардын көңүлүн буруу, ошону менен бирге бул проблемалар боюнча кызыкдар окуучулар, мугалимдер, студенттер жана окумуштуулар арасында дискуссиянын көтөрүлүшү үчүн жагдай түзүү. Албетте, биз өзүбүздүн көзкарашыбызды таңуулоодон алыспыз, биздин милдетибиз — бул дискуссияга кызыкдар инсандардын бардыгы бирдей тең укуктуу катышуусун камсыз кылуу.
Пайдаланылган адабияттар:
-
Васильев Н.И. Увлекательная тюркология: Опыт преподавания тюркологии в Верхневилюйской республиканской гимназии. – Якутск, 2005. – 36 с.
-
«Түрк дүйнөсү: Якутиядан тартып Жер Ортолук деңизинин жээктерине чейин Кыргызстан аркылуу» / «Тюркский мир: от Якутии до Средиземного моря через Кыргызстан»: Эл аралык түркол. илимий-тажр. конф. материалдары / Түзүүчүлөр: А. Б. Элебесова, Н. И. Васильев, М. М. Тастанбеков. – Б.: «Айгөлөк», 2013. – 368 б.
-
«Түркi әлемi: Түркiстан жерiндегi кұрылтай» атты Халықаралық ғылыми-практикалық конференция материалдары. – Түркiстан, А.Ясауи атындағы халықаралық қазақ-түрік университеті, 2013. – 650 б.
-
Түрк дүйнөсү: Ысык-Көл — Аалам Ордосу / Тюрский мир: Иссык-Куль — Орда Вселенной: Эл аралык илимий-тажр. конф. материалдары / Түз.: А.Б. Элебесова, Н.И. Васильев, М.М. Тастанбеков. – Б.: «Айгөлөк», 2016. – 398 б.
-
«Түрк дүйнөсү: Билим — өнөр булагы» / «Тюркский мир: Знание — источник умения»: Эл аралык илимий-тажр. конф. материалдары // «Билим Ордо» Коомдук интеллектуалдык фонду / Түз.: А.Б. Элебесова, Б. Бообек уулу, Н.С. Эркимбаева, Ч.Ж. Арзыматова, Р.К.Элебесова. – Б.:«Айгөлөк»,2018. – 240 б.
-
Түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы билим берүүчү мекемелеринин (мектеп, гимназия, лицей) окуучуларынын жана мугалимдеринин, окумуштуу педагогдордун «Түрк дүйнөсү: Ысык-Көл — Аалам Ордосу» деген темадагы Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясынын программасы / Программа Международной научно-практической конференции учащихся и учителей общеобразовательных учреждений (школ, гимназий, лицеев), учёных педагогов тюркоязычных государств по теме «Тюркский мир: Иссык-Куль — Орда Вселенной». – Б., 2015. – 28 б.
-
Түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы билим берүүчү мекемелеринин (мектеп, гимназия, лицей) окуучуларынын жана мугалимдеринин, окумуштуу педагогдордун «Түрк дүйнөсү: тарыхый-маданий мурастар — элдин көөнөрбөс кенчи» деген темадагы Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясынын программасы / Программа Международной научно-практической конференции учащихся и учителей общеобразовательных учреждений (школ, гимназий, лицеев), учёных педагогов тюркоязычных государств по теме: «Тюркский мир: историко-культурное наследие — неисчерпаемое богатство народа». – Б., 2016. – 20 б.
-
Элебесова А.Б. Адамды маданияттуулукка тарбиялоо системасынын культурологиялык негиздери [Текст] / А.Б. Элебесова // – Кыргыз билим берүү академиясынын Кабарлары. 2010. № 4 (16), 21–26-бб.
-
Элебесова А.Б. Тарыхый-коом таануучулук билимдер боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө көнүктүрүү технологияларын колдонуу менен инсанга багыттап окутуу [Текст] / А.Б. Элебесова // – Кыргыз билим берүү академиясынын Кабарлары. – Б., 2015. – № 3 (35). Атайын чыгарылыш. – 302–308-бб.
-
Элебесова А.Б. Адамды маданияттуулукка тарбиялоо системасынын культурологиялык негиздери [Текст] / А.Б. Элебесова // – Кыргыз билим берүү академиясынын Кабарлары. 2010. № 4 (16), 21–26-бб.
-
Элебесова А.Б. Тарых боюнча сабактан тышкаркы ишмердүүлүк: максаттары, уюштурулушу жана багыттары [Текст] / А.Б. Элебесова // – Кыргыз билим берүү академиясынын Кабарлары. – Б., 2017. – № 1 (41). – 40–48-беттер.
Элебесова А.Б. Тарыхты инсанга багыттап окутуунун технологиялары: Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо // [Текст] / А.Б. Элебесова. – Б.: «Полиграфбумресурсы», 2017. – 152 б.
«Түркі әлемі: Тарихи терең Түркістан»
11-12-май, 2018-жыл
«Түрк дүйнөсү: Билим — өнөр булагы»
Тегерек стол, 5-апрель, 2018-жыл
Кыргызстандык студенттер жана окуучулар, окутуучулар жана мугалимдер 2018-жылдын 11–12-майында Казакстан Республикасынын Түркстан шаарындагы Кожо Акмат Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университетинде «Түркі әлемі: Тарихи терең Түркістан» деген темада өткөрүлгөн эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияга катышып келишти. Эл аралык ИТК Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин «Болашаққа бағдар: рухани жаңғыру» аттуу программасына ылайык өткөрүлдү. Бул эл аралык ИТКга 2018-жылдын 3–4-мартында И. Арабаев атындагы КМУнун Колледжинин студенттеринин жана окутуучуларынын «Түрк дүйнөсү: Билим — өнөр булагы» деген темада өткөрүлгөн ИТКсынын II турунун жыйынтыгы боюнча «Билим Ордо» коомдук интеллектуалдык фондунун дипломуна жана «Мен — изилдөөчүмүн!» медалына татыктуу болгон студенттер жана окуучулар катышып келишти. Алардын ысымдарын жана илимий багыттагы баяндамаларын биз сыймыктануу менен атайбыз [5]:
-
Ажыбеков Темирбек, студент. «Кыргыздардын табият таанууга карата илимге чейинки көз караштары». И. Арабаев атындагы КМУнун Колледжи.
-
Барктабасов Жалил, студент. «Жусуп Баласагындын философиясындагы адилеттүүлүк категориясы». «Манас» КТУ.
-
Бекназаров Жакшылык, окуучу. «Кыргызстан диний туризмдин очогу». Бишкек ш. № 87-орто мектеп.
-
Касымов Бекдоктур, студент. «Эпос «Манас» — как источник изучения социокультурного и философско-эстетического восприятия кыргызского народа». Б.Н.Ельцин атындагы КРСУ.
-
Карыбаева Мээрим, студент. «Масса-адамы: идеялардын кризиси (Ортега-и-Гассеттин окуусу)». «Манас» КТУ.
-
Касымалы кызы Акылай, студент. «Чынгыз Айтматовдун чыгармаларындагы жамандык ↔ жакшылык проблемасы». «Манас» КТУ.
-
Курбанакун кызы Гулина, студент. «Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы “маңкуpт” түшүнүгү жана азыркы күндөгү маңкуртчулук». «Манас» КТУ.
-
Кылыч кызы Айжамал, студент. «Улуу Чай жолу — Азия жана Европа аралыгындагы эл аралык соода байланышы». И. Арабаев атындагы КМУнун Колледжи.
-
Өмүшова Кундуз, студент. «Баланы үй-бүлөдө адептүүлүккө тарбиялоонун илимий негиздери». И. Арабаев атындагы КМУнун Колледжи.
-
Өмүралиева Бактыгүл Орозбековна, окуучу. «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы салттуу элдик билимдердин айрым үлгүлөрү». Кочкор р-ну, Ш.Рысмендеев атындагы орто мектеп.
-
Эрнисбек кызы Элиза, студент. «Калыгул Бай уулунун дүйнөгө көз карашынын мааниси». «Манас» КТУ.
-
Болот Бообек уулу, «Орто түрк адабиятын ири өкүлү Кул Кожо Ахмат Ясави жана анын кыргыз заманачыл акындарына тийгизген таасири». Кочкор р-ну, Ш.Рысмендеев атындагы орто мектептин тарых мугалими.
-
Осмонова Айна, «Түрк элдеринин белгилүү инсандары». Ак-Талаа району.
-
Элебесова Айгүл Бейшенакуновна, п.и.к., улук окутуучу. «Кыргызстан тарыхынын байыркы жана орто кылымдардагы педагогикалык айдыңы». И. Арабаев атындагы КМУнун Колледжи.
Элебесова Рахат Калыковна, «Махмуд Кашгари-Барсканинин Тегерек картасынын кыргыз тилине бүтүн жана толук которулушу жөнүндө». «Билим Ордо» коомдук интеллектуалдык фонду.
5-апрелде И. Арабаев атындагы КМУнун Колледжинин студенттеринин жана окутуучуларынын 2018-жылдын 3–4-мартында өткөрүлгөн «Түрк дүйнөсү: Билим — өнөр булагы» деген темадагы илимий-тажрыйбалык конференциясына жигердүүлүк менен катышып, жогорку деңгээлдеги илимий баяндама жасаган студенттер жана окуучулар үчүн «Билим Ордо» Коомдук Интеллектуалдык Фонду тарабынан уюштурулган жыйынтыктоочу Тегерек стол болду.
Тегерек столдо жогорку деңгээлде даярдалган илимий баяндамалары үчүн 15 катышуучуга «Билим Ордо» Коомдук Интеллектуалдык Фондунун дипломдору жана медалдары тапшырылды. Ошондой эле алар Казакстан Республикасынын Түркстан шаарындагы Кожо Акмат Йасави атындагы Эл аралык казак-түрк университетинде өткөрүлө турган «Түркі әлемі: Тарихи терең Түркістан» деген темадагы эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияга катышууга жолдомо алышты.
Урматтуу жаш изилдөөчүлөр! Сапарыңар байсалдуу болсун!
«Түрк дүйнөсү: Билим — өнөр булагы»
3-4-март, 2018-жыл
«Түрк дүйнөсү:
Дүйнөлүк көркөм маданият»
24-25-март, 2017-жыл
2018-жылы 3–4-мартта И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Колледжинин студенттеринин жана окутуучуларынын «Түрк дүйнөсү: Билим — өнөр булагы» деген темадагы илимий-тажрыйбалык конференциясы болуп өттү.
ИТКда И. Арабаев атындагы КМУнун Колледжинин, «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин, И. Раззаков атындагы КМТУнун, Б. Н. Ельцин атындагы КРСУнун студенттеринин, Бишкек шаарындагы № 87-орто мектептин, Нарын облусунун Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектептин окуучуларынын тарыхый, коом таануучулук, философиялык, филологиялык, маданият таануучулук, этнографиялык, экономикалык, физика-математикалык билимдер долбоордук жана өнүктүрүүчүлүк технологиялардын жардамы менен тереңдетип өздөштүрүлгөн илимий изилдөө иштери боюнча даярдалган 138 илимий баяндама угулду. ИТКда илимий жетекчилер, Уюштуруу комитетинин жана Илимий эксперттик комиссиянын мүчөлөрү болуп бардыгы 206 катышуучу болду.
ИТКнын талаптарына ылайык даярдалган жана ийгиликтүү маалымдалган илимий баяндамалар I, II, III даражадагы дипломдорго татыктуу болду. I жана II даражадагы дипломдун ээлерине эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияга катышууга жолдомо берилүүчү II турга катышууга мүмкүнчүлүк берилди.
Илимий баяндамалары I даражадагы дипломго татыктуу болгон катышуучулар И. Арабаев атындагы КМУнун ректораты тарабынан ыйгарыла турган атайын сыйлыкка көрсөтүлдү.
«Түрк дүйнөсү: Билим — өнөр булагы» темасындагы илимий-тажрыйбалык конференциянын Резолюциясы секцияларда жана Илимий эксперттик комиссиянын кеңешмесинде талкууланып, конференциянын жыйынтыктоочу жыйынында бир добуштан кабыл алынды.
2017-жылдын 24–25-мартында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы № 4-мектеп-гимназиясында түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы билим берүүчү уюмдарынын (мектеп, гимназия, лицей) окуучуларынын жана мугалимдеринин, студенттердин жана окумуштуу педагогдордун «Түрк дүйнөсү: Дүйнөлүк көркөм маданият» деген темадагы Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясы болуп өттү.
Бул Эл аралык илимий- тажрыйбалык конференцияда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы № 2-орто мектептин, № 4-мектеп-гимназиясынын, Чыңгыз Айтматов атындагы № 5-орто мектептин, Саякбай Каралаев атындагы № 6-гуманитардык багыттагы мектеп-лицейдин, Кычан Жакыпов атындагы № 8-орто мектептин, Надежда Константиновна Крупская атындагы № 9-орто мектептин, «Манас» атындагы № 10-орто мектептин, Лев Николаевич Толстой атындагы гимназиянын, Балдардын билим берүү борборунун, Тоң районундагы Азиз Салиев атындагы орто мектептин, Бишкек шаарындагы Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын, № 58-орто мектептин, № 87-орто мектептин, Нарын облусунун Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектептин, Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектептин, Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы жана Эсенбек Карасартов атындагы орто мектептердин, Ош шаарындагы № 29-мектептин, «Кыргыз-түрк достугу» атындагы № 52-орто мектептин, Ош мамлекеттик университетинин, Талас облустук чет тилдери багытындагы лицей-комплекстин, Талас районундагы Борош Жанузаков атындагы орто мектептин, Кыргыз Мамлекеттик Курулуш Транспорт жана Архитектура Университетинин, Бишкек технология-архитектуралык колледжинин, «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин, Исхак Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-россиялык Славян университетинин, Казакстан Республикасынын Түркстан шаарындагы Кожо Акмат Яссави атындагы Эл аралык Казак-Түрк Университетинин, Нуртас Оңдасынов атындағы Түркстан «Дарын» мектеп-интернатынын, Абай атындагы № 31-жалпы орто мектептин, М. Абенов атындагы жалпы орто мектептин, Ататүрк атындагы № 17-мектеп-гимназиясынын, Өзбекстан Республикасындагы Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинин, Сыр-Дарыя облустук педагогикалык кадрлардын квалификацияларын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун тарыхый, коом таануучулук, философиялык, филологиялык, маданият таануучулук, этнографиялык, экономикалык, физикалык, химиялык, математикалык билимдерди окутуунун долбоордук жана өнүктүрүүчүлүк технологиялардын жардамы менен тереңдетип өздөштүрүүлөрүнө көмөктөшүү максатында узак мөөнөттүү долбоордук илимий изилдөө иштери ийгиликтүү жүргүзүлүп жаткандыгы ырасталды.
«Түрк дүйнөсү: Дүйнөлүк көркөм маданият» деген темадагы эл аралык илимий-практикалык конференциясынын резолюциясы секцияларда жана Илимий эксперттик комиссиянын кеңешмесинде талкууланып, конференциянын жыйынтыктоочу жыйынында бир добуштан кабыл алынды.
«Түрк дүйнөсү: 2016-жыл — урунттуу тарыхый окуялардын жылы»
11-13-август, 2016-жыл
«Түрк дүйнөсү: Тарыхый-маданий мурастар — элдин көөнөрбөс кенчи»
17-19-марты, 2016-жыл
Ушул эле Тарых жана маданият жылынын 11–13-августунда жалпы билим берүүчү мекемелеринин (мектеп, гимназия, лицей) окуучуларынын жана мугалимдеринин республикалык деңгээлдеги илимий-тажрыйбалык конференциясы «Түрк дүйнөсү: 2016-жыл — урунттуу тарыхый окуялардын жылы» деген темада Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектепте өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Тарых жана маданият жылы делип жарыяланган 2016-жыл билим берүү жаатындагы даңктуу окуяларга мол болду. Бул Тарых жана маданият жылына карата иш-чараларды өткөрүүгө «Түрк дүйнөсү» эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясынын уюштуруучулары жана катышуучулары дагы жигердүүлүк менен катышышкандыгын сыймык менен белгилейбиз.
17–19-мартта Кыргыз билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык предметтер лабораториясы Нарын облусунун Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектеп менен биргеликте түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы билим берүүчү мекемелеринин (мектеп, гимназия, лицей) окуучуларынын жана мугалимдеринин, студенттердин жана окутуучулардын, окумуштуу педагогдордун «Түрк дүйнөсү: Тарыхый-маданий мурастар — элдин көөнөрбөс кенчи» деген темадагы кезектеги Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясы өткөрдү.
Бул конференциянын деңгээлин ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Ибраева Жаркын Бейшембиевнанын жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Керимкулов Нурлан Бейшенбековичтин куттуктоо сөздөрү, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор Байгазиев Советбек Орозкановичтин, К.А.Яссави атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинин жалпы тарых кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты Тастанбеков Мурат Мейирбекулынын, «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Табалдиев Кубат Шакеевичтин, Кочкор районундагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектептин директору Алдаяров Замир Султанбековичтин, ушул конференциянын өткөрүлүшүнүн демилгечиси, Шапак Рысмендеев атындагы орто мектептин тарых мугалими Болот Бообек уулунун, «Түрк дүйнөсү» Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясынын Кыргызстанда өткөрүлүшүнүн демилгечиси жана уюштуруучусу, педагогика илимдеринин кандидаты Элебесова Айгүл Бейшенакуновнанын илимий баяндамалары жогору көтөрүп койду жана анын такшалгандык даражасын көрсөттү.
Бул Эл аралык ИТКга Кыргызстандын Бишкек жана Каракол шаарларынан, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Ош жана Баткен облустарынан, Казакстан Республикасынын Түркстан шаарынан жана Орусия Федерациясынын Саха (Якут) Республикасынан келишкен 98 делегат, анын ичинде 77 окуучу, 16 мугалим, 5 окумуштуу катышты.
«Түрк дүйнөсү: Кептин көркү — тил, ойдун көркү — сөз»
14-15-август, 2015-жыл
«Түрк дүйнөсү» Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясынын негиздөөчүсү – Васильев Николай Иванович
2015-жылдын 14–15-августунда Кыргыз билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык предметтер лабораториясы Талас облусунун Талас районундагы Абдылдабек Эсенбеков атындагы орто мектеп менен биргеликте «Түрк дүйнөсү: Кептин көркү — тил, ойдун көркү — сөз» деген темадагы кезектеги илимий-тажрыйбалык конференцияны уюштурду. Эл аралык ИТК «Манас-Ордо» Кыргыз Улуттук комплексинде өткөрүлдү.
Конференциянын Пленардык отуруму башталар алдында Саха (Якут) Республикасындагы Верхневилюйск республикалык гимназиясынын тарых мугалими, Якутиянын жана Моңголоиянын Билим берүүсүнүн отличниги, «Якутиянын тарыхы» окуу китебинин жана бир катар илимий-методикалык колдонмолордун автору, «Түрк дүйнөсү» Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясынын негиздөөчүсү, окуучулардын «Аттила» жайкы лагерин, «Аттила» Маданий борбору» автономдук коммерциялык эмес уюмун уюштуруучу, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Васильев Николай Ивановичти эскерип, аза күтүлдү. Кыргызстандык жаш изилдөөчүлөрдүн жана мугалимдердин, окумуштуу педагогдордун кутмандуу досу Николай Иванович ушул конференцияны өткөрүүнү кошо уюштурушуп жаткан мезгилде, конференция болооруна 1 ай калган учурда – 2015-жылдын 13-февралында күтүүсүздөн дүйнөдөн өтүп кетти.
Саха (Якут) Республикасынын чер тайгасында жайгашкан Верхневилюйск айылындагы республикалык гимназияда эмгектенген Николай Иванович улуу иштерди жаратыш үчүн борбордо жашоонун зарылчылыгы деле жоктугун өзүнүн аз бирок өрнөктүү жашап өткөн өмүр жолу менен, өзүнүн жаркын өмүрүндөгү жаратмандык чыгармачылыгы менен далилдеди. Ал өзү негиздеген «Түрк дүйнөсү» эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясын Саха (Якут) Республикасында эле эмес, Кыргызстанда (2011-жылы), Казакстанда (2010- жана 2013-жылдары), Тоолуу Алтайда (2012-жылы) жана Моңголияда бир нече жолу өткөрдү.
Биз Николай Ивановичти адамгерчилиги, эмгекчилдиги, адилеттүүлүгү, ачык-айрымдыгы жана кең пейилдиги үчүн барктап-баалачубуз, урматтап сыйлачубуз. Анын жаратман жаркын элеси биздин эстутумубузда дайыма сакталып калат.
Васильев Николай Иванович биздин бул конференциябызга уюштуруучу жана катышуучу катары келип катышмак, бирок тагдырдын жазмышы аны буюрбады… Маркумдун арбагын Теңир жалгасын!
«Түрк дүйнөсү:
Ысык-Көл — Аалам Ордосу»
23-25-март, 2015-жыл
Түрк дүйнөсү:
Түркстан жергесиндеги курултай»
25-26-март, 2013-жыл
2015-жылы XI кылымдагы улуу түрк окумуштуулары Махмуд Кашгари-Барсканинин жана Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгынын урматына Кыргызстандын Каракол жана Талас шаарларында түрк тилдүү өлкөлөрдүн жалпы билим берүүчү мекемелеринин (мектеп, гимназия, лицей) окуучуларынын жана мугалимдеринин, студенттердин жана окутуучулардын, окумуштуу педагогдордун кезектеги Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясы өткөрүлгөндүгүн баса белгилеп айтуу биз үчүн өтө сыймыктуу.
Бул Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция «Түрк дүйнөсү: Ысык-Көл — Аалам Ордосу» деген аталыш менен 2015-жылы 23–25-мартта Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында Кыргыз билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык предметтер лабораториясы тарабынан Ысык-Көл облустук билим берүү институту жана Токтогул сатылганов атындагы облустук мектеп-лицей-интернаты менен биргеликте уюштурулуп өткөрүлдү [4].
Конференцияга Кыргызстандын Бишкек шаарынан, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынан, Казакстандын Түркстан шаарынан жана Орусия Федерациясынын Саха (Якут) Республикасынан бардыгы болуп 116 делегат катышты, алардын ичинен 88и окуучу, 19у мугалим, 4 студент, 4 окумуштуу-педагог.
Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциянын меймандары үчүн «Каракол → Пристань (Х. Карасаевдин жана Н.М.Пржевальскийдин музейлери) → Каракол» жана «Каракол → «Жети-Өгүз», «Жарылган жүрөк» кызыл аскалары → Каракол» маршруттары боюнча экскурсиялар уюштурулду [4].
2013-жылы 25–26-мартта Казакстан Республикасынын Түркстан шаарындагы К.А. Яссави атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинде «Түрк дүйнөсү: Түркстан жергесиндеги курултай» деген темадагы кезектеги Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болду. Ага Кыргызстандан 12 окуучу, 3 мугалим жана 1 окумуштуу катышты [3].
«Хан Алтай» экинчи түрк таануу туру
2012-жыл
«Түрк дүйнөсү: Якутиядан тартып Жер Ортолук деңизинин жээктерине чейин Кыргызстан аркылуу»
24-26-март, 2011-жыл
2012-жылы Тоолуу Алтай боюнча «Хан Алтай» деген экинчи түрк таануу туру өткөрүлдү. Бул турдун маршруту байыркы түрктөрдүн мекени болгон тоолуу аймактардагы чыйыр жолдор аркылуу Пазырык коргондорун жана Телес көлүн аралап өтүп, туристтерди жуңгарлар менен ойроттордун тарыхы, байыркы мифтер жана Калбак-Таштын табышмактуу петроглифтери менен тааныштырды. Ал эми Алтайдын айбаттуу аял кудайы «Үкөк каныке» менен жолугушуу өзүнүн сырдуу тарыхы менен катышуучулардын баарын сестендирип койду. Бул түрк таануу туруна Кыргызстандан – Абдулда Каниметов атындагы № 1-гимназия-интернаттын 8-классынын окуучусу Акжол Марсбеков жана тарых мугалими Майтыкова Шайыр Кайбылдаевна катышып келишти.
2011-жылы 24–26-мартта Бишкек шаарындагы Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияда түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы билим берүүчү мекемелеринин (мектеп, гимназия, лицей) окуучуларынын жана мугалимдеринин «Түрк дүйнөсү: Якутиядан тартып Жер Ортолук деңизинин жээктерине чейин Кыргызстан аркылуу» деген темадагы кезектеги Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясы өткөрүлгөн. Бул биздин өлкөбүздүн тарыхындагы ушул багытта өткөрүлгөн эң алгачкы Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болду.
Билим жана таалим-тарбия берүү планындагы бул маанилүү иш-чараны Кыргыз билим берүү академиясы, Бишкек шаарындагы Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназия, Россия Федерациясынын Саха (Якут) Республикалык билим берүү кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу институту жана М.А. Алексеев атындагы Верхневилюйск республикалык гимназиясы менен биргеликте окумуштуу тарыхчы педагогдор — педагогика илимдеринин кандидаттары Элебесова Айгүл Бейшенакуновнанын жана Васильев Николай Ивановичтин, Казакстан Республикасынын Түркстан шаарындагы К.А.Яссави атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинин жалпы тарых кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты Тастанбеков Мурат Мейирбекулынын демилгелери боюнча өткөрүлдү [2].
Бул Эл аралык конференцияга Россия Федерациясынын Саха (Якут) Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Түркия Республикасынан келген делегациялар; Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулары, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы жалпы-билим берүүчү мекемелердин (мектеп, гимназия, лицей) окуучулары жана мугалимдери катышты. Баардыгы 62 катышуучу, алардын 42си окуучулар болду. Конференцияда бардыгы 58 доклад угулду.
Тыныгуу учурунда Н.И. Васильевдин «По следам серебряных сосудов» деген видеофильми көрсөтүлдү. Видеофильмде Байкал боюндагы байыркы курыкандардын жашоо-тиричилигинен кабар берген археологиялык табылгалар жөнүндө баяндалат.
Бул конференциянын өзгөчөлүгү белгилүү түрк таануучу, «Түрк дүйнөсү» илимий-тажрыйбалык конференциясынын негиздөөчүсү, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Васильев Николай Ивановичтин баяндамасы жана Саха (Якут) Республикасынан келген делегаттардын адаттагыдан тыш куттуктоосу жана «Байыркы түрктөр жана Улуу талаа» темасындагы тегерек столдун өткөрүлүшү болду.
Конференциянын катышуучулары үчүн 24-мартта «Бишкек шаары боюнча → «Манас айылы» → «Ата-Бейит» → Бишкек»; 27–28-мартта «Бишкек → Бурана (Токмок) → Балыкчы → Чоктал (кыргыз-түрк лицейи) → Чолпон-Ата («Рух Ордо») маршруттары боюнча туристтик экскурсиялар уюштурулду.
«Түркі әлемі» Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясы
24-25-март, 2009-жыл
Илимий кызматташтыкты жөнгө салуу жөнүндө келишим
2008-жыл
2009-жылы 24–25-мартта Түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы билим берүүчү мекемелеринин (мектеп, гимназия, лицей) окуучуларынын жана мугалимдердин, окумуштуу тарыхчылардын Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Коңур Мандоки атындагы № 154-орто мектепте өткөрүлгөн «Түркі әлемі» Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясына Кыргызстандан Бишкек шаарындагы Абдыкерим Сыдыков атындагы № 72-орто мектептин 6-классынын окуучулары Абасбеков Айдарбек жана Дайырбек уулу Дастан, Абдулда Каниметов атындагы № 1-гимназия интернаттын тарых мугалими Майтыкова Шайыр Кайбылдаевна жана Кыргыз билим берүү академиясынын тарыхый-коом таануучулук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элебесова Айгүл Бейшенакуновна өздөрүнүн илимий баяндамалары менен катышып келишкен.
2008-жылы тарыхчы-түрк таануучулардын Бишкек шаарында өткөрүлгөн «Өмүрүнүн 80-чи жылында Чыңгыз Айтматов феномени» деген аталыштагы Эл аралык симпозиумдун учурунда Саха (Якут) Республикасындагы М.А. Алексеев атындагы Верхневилюйск республикалык гимназиясынан келген катышуучу, Россия Федерациясынын Билим берүүсүнүн отличниги, Монголиянын Билим берүүсүнүн отличниги, педагогика илимидеринин кандидаты Николай Иванович Васильевдин сунушу менен Кыргыз билим берүү академиясынын тарыхый-коом таануучулук билим берүү бөлүмүнүн (бөлүм башчысы педагогика илимидеринин кандидаты Айгүл Бейшенакуновна Элебесова) ортосунда Илимий кызматташтыкты жөнгө салуу жөнүндө келишим түзүлдү.