top of page

УДК 930.85

Элебесова Айгүл Бейшенакуновна, педагогика илимдеринин кандидаты,

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин

квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту,

КРнын Билим берүүсүнүн отличниги,

КРнын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.

 

Хүснү Чагдаш Арслан (Hüsnü Çağdaş Arslan),

Öğretim Görevlisi, Çukurova Üniversitesi, Türk Dili Bölümü, Adana/Türkiye.

 

Элебесова Рахат Калыковна,

Лингвистика багыты боюнча бакалавр,

Менежмент багыты боюнча магистр;

англис, түрк, орус жана кыргыз тилдери боюнча котормочу.

 

 

МАХМУД КАШГАРИ-БАРСКАНИНИН ТЕГЕРЕК КАРТАСЫНЫН

КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ ТОЛУК КОТОРУЛУШУ ЖӨНҮНДӨ

 

Аннотация. Бул макалада Орто кылымдардагы эң маданияттуу жана илим-билимдүү мамлекеттердин бири болгон Карахандар кагандыгынын гүлдөгөн доорунда жашаган жана эң көрүнүктүү эмгекти мурастап кеткен Махмуд Кашгари-Барсканинин Тегерек картасы кыргыз тилине анын түп нускасынан которууда жүргүзүлгөн изилдөө иш-аракеттеринин натыйжасында ал бүтүн көрүнүшүндө толугу менен которулгандыгы жөнүндө баяндалды.

Өзөк сөздөр: жер аталыштары, тегерек карта, түп нуска, тарыхый жана маданий мурас.

 

Элебесова Айгүл Бейшенакуновна, кандидат педагогических наук,

Республиканский институт повышения квалификации

и переподготовки педагогических работников при МОН КР,

Отличник образования Кыргызской Республики,

член Национального Союза писателей КР.

 

Хүснү Чагдаш Арслан (Hüsnü Çağdaş Arslan),

Öğretim Görevlisi, Çukurova Üniversitesi, Türk Dili Bölümü, Adana/Türkiye.

 

Элебесова Рахат Калыковна,

бакалавр по направлению “Лингвистика”

магистр по направлению “Менеджмент” (MBA),

переводчик английского, русского, турецкого и кыргызского языков.

 

 

О ПЕРЕВОДЕ НА КЫРГЫЗСКИЙ ЯЗЫК ПОЛНОЙ ВЕРСИИ

КРУГЛОЙ КАРТЫ МИРА МАХМУДА КАШГАРИ-БАРСКАНИ

 

Аннотация. В данной статье описывается перевод с оригинала на кыргызский язык круглой карты мира, созданной выдающимся фольклористом, учёным-энциклопедистом Махмудом Кашгари-Барскани, который жил в Караханидском каганате, самой культурной и высокообразованной стране Средневековья. Карта переведена с полной версии оригинала.

Ключевые слова: названия земель, круглая карта, оригинал, историческое и культурное наследие.

 

Aigul Beishenakunovna Elebesova, Candidate of Pedagogical Sciences,

Republican Institute of advanced training and retraining of teachers

under the Ministry of education and science of the Kyrgyz Republic,

Excellent worker in Education of the Kyrgyz Republic,

Member of the National Union of Writers of KR.

aigulelebesova@mail.ru

aigulbeishenakun@gmail.com

 

Hüsnü Çağdaş Arslan, Öğretim Görevlisi,

Çukurova Üniversitesi, Türk Dili Bölümü, Adana/Türkiye.

hcarslan87@gmail.com

 

Rahat Kalykovna Elebesova,

Bachelor’s degree in «Linguistics»

Master of Business Administration;

English, Turk, Russian and Kyrgyz languages translator.

elebesova312@gmail.com

 

 

ABOUT TRANSLATION INTO KYRGYZ LANGUAGE OF THE FULL VERSION

OF MAKHMUD KASHGARI-BARSKANI’S ROUND MAP OF THE WORLD

 

Abstract. This article describes the translation from the original into the Kyrgyz language of a round map of the world created by the eminent Mahmud Kashgari-Barskani who lived in the Karakhanid Kaganate, the most cultured and highly educated country in the Middle Ages. Map of the translation in the full version of the original.

Keywords: names of lands, a round map, the original, historical and cultural heritage.

Карахандар кагандыгы доорон сүрүп турган заманда түрк тилдүү элдердин

илим-билими жана көркөм маданияты дүркүрөп өнүккөн. Карахандардын мезгили

түрк цивилизациясынын туу чокусу катары илим жана билимдин, өз ара терең жана

тыгыз байланыштагы дыйканчылык жана көчмөн маданий цивилизациялардын калыптануу

башатынын заманы болгон. X–XII кылымдарда Борбордук Азияда Орто кылымдардын

даанышман акылмандары Абу Али Хусейн ибн Абдуллах ибн аль-Хасан ибн Али ибн Сина

(Авиценна), Омар Хайям Нишапури, Абу Рейхан Мухаммед ибн Ахмед аль-Бируни,

Абу Наср Мухаммад ибн Мухаммад аль-Фарабилер доорон сүрүшкөн. Ага X кылымда

Карахандар мамлекетине ислам дининин жайылышы жана анын натыйжасында араб

жазмасын билген билимдүү адамдардын көбөйүшү түрткү болгон. Мындай жагдай түрк

тилиндеги Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» («Куттуу билим»),

Махмуд Кашгари-Барсканинин «Дивану Лугат ат-Түрк» («Түрк тилдеринин сөз жыйнагы»

сыяктуу алгачкы чыгармалардын пайда болушун шарттаган.

Түрк цивилизациясынын гүлдөгөн доорунда жашап өткөн көрүнүктүү окумуштуу жана

кеменгер ойчул Махмуд Кашгари-Барскани 1028/29-жылдары Барскан шаарында туулган,

дүйнөдөн өткөн жылы белгисиз. Анын өмүр жолу жана ишмердүүлүгү Карахандар

кагандыгынын башкаруучу чөйрөсү менен тыгыз байланыштуу болгон. Анткени анын

чоң атасы Мухаммед Буура Кара-хан — бир катар шаар-мамлекеттерге бытырап бөлүнүп

кеткен ээликтерди кайрадан бирдиктүү жаңы түрк мамлекетине бириктирге

н Карахандар кагандыгынын (940–1212-жж.) негиздөөчүсү Сатук Абд-аль-Керим Буура

Кара-хан, ал эми атасы Аль-Хусейн ибн Мухаммед Барскан шаарынын башкаруучусу

(эмири) болгон. Кийин Карахандар кагандыгынын экинчи борбору Кашкар шаарына көчүп кеткен. Махмуд Кашгари-Барсканинин толук ысымы: Махмуд ибн аль-Хусейн ибн Мухаммед аль-Кашгари аль-Барскани. Күнгөй жана Тескей Ала-Тоонун койнундагы ажайып көркөм Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Барскан шаарында (азыркы Барскоон шаарынын жанында) туулуп-өскөн, Карахандар кагандыгын негиздөөчүлөрдүн жана башкаруучулардын урпагы болгон Махмуд Кашгари-Барскани — түрк тилдүү элдердин тарыхындагы алгачкы эң көрүнүктүү окумуштуу-энциклопедиячы, этнограф жана фольклорчу, тарыхчы жана географ катары бүткүл дүйнөгө таанымал улуу инсан.

*  *  *

Бул жерде Карахандар мамлекетинин борборлоруна байланыштуу кыскача түшүндүрмө бере кетүү зарыл болуп турат. Адегенде чигил уруусунун башкаруучусу Арслан хандын ордосу Баласагун шаарында жайгашкан, ошондуктан Баласагун шаары 940–1040-жылдары Карахандар мамлекетинин үч борборунун бири болчу, ал эми 1130-жылга чейин Чыгыш-Карахан кагандыгынын борбору болгон. Кашкар шаарында йагма уруусунун башкаруучусу Буура хандын ордосу жайгашкан. Ошондуктан Кашкар 940–1040-жылдары Карахандар кагандыгынын үч борборунун бири болчу. Кийин 1130–1211-жылдары Чыгыш-Карахан кагандыгынын борбору болгон. Карахандар мамлекетинин үч борборунун бири Өзгөн шаары адегенде Али Арслан хандын тукумдарынын уруулук ордосу болгон. Өзгөн шаарына борбор макамы өтө сейрек, айрым хандардын тушунда гана берилчү. Самарканд шаары 1040–1212-жылдары Батыш-Карахан кагандыгынын борбору болгон. Карахандар мамлекетинин мамлекеттик тили болуп эсептелген карахани тили кагандыктын бүткүл аймагына жайылтылып, орток түрк тилине айланган, ал эми перси тили улуттар аралык баарлашуу макамын алган.

*  *  *

Махмуд Кашгари-Барсканинин 1072–1077-жылдары жазылган эки илимий эмгегинен бизге чейин

бирөө гана — «Дивану Лугат ат-Түрк» («Түрк тилдеринин сөз жыйнагы») китеби жеткен.

Бул эмгек түпкү кол жазмасы боюнча байыркы түрк тилинен алгачкы жолу 1226-жылы түркиялык

түрк тилине толук которулган. Басылма китеп болуп ХХ кылымдын башында гана жарыкка чыккан.

Окумуштуу түрк таануучулар бул чыгарманы өз доорунан жети кылымдан ашуун кыйла алдыга

озуп кеткен алгачкы салыштырма-тарыхый изилдөө деп эсептешет. Азыркы учурда «Дивану

Лугат ат-Түрк» эмгегинин түркчө, англисче, уйгурча, өзбекче, казакча жана орусча котормолору бар.

Биз үчүн бул эмгектеги Махмуд Кашгари-Барсканинин өзү түзгөн дүйнөнүн чордону катары Ысык-Көл,

Күнгөй жана Тескей Ала-Тоо, Сары-өзөн Чүйдөн орун алган Баласагун шаары көрсөтүлгөн тарыхый-

географиялык тегерек карта зор илимий кызыгууну жаратты.

Бул уникалдуу Тегерек картада Евразиянын Чыгышы менен Батышын туташтырган тарыхый

даңазалуу Улуу Жибек жолунун тоомунда жайгашкан ажайып керемет Ысык-Көл жана анын алтын

кумдуу, май топурактуу кылаасы, Тескей Ала-Тоо жана Күнгөй Ала-Тоо, Кыргыз Ала-Тоосу, Иле

Ала-Тоосу, чыгыш тараптагы Саян-Алтай тоо системасындагы Усталык (Кузнецк) Ала-Тоосу жана

Алашан Ала-Тоосу, алардын жана Тянь-Шань (Теңир-Тоо), Алай жана Памир тоо кыркаларынын

мөңгүлөрүнөн башат алып аккан Иле, Жейхун (Аму-Дарыя) жана Сейхун (Сыр-Дарыя), Эдил (Волга),

Эртиш (Иртыш – Обдун сол куймасы) дарыялары, өзөн суулардын бойлорунда жайгашкан Баласагун (Сары өзөн Чүй өрөөнү – автор), Барскан, Беш-Балык, Жан-Балык, Жаркент, Кашкар, Өтүкен, Самарканд, Сипенжаб (Сайрам), Сувар, Суяб, Талас, Тараз, Хорезм, Хотан ж.б. ири шаарлар жана кеңири аймакта чалкып жаткан түрк жерлери көрсөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө дагы тарыхчылар, тилчилер, фольклорчулар жана адабиятчылар үчүн, деги эле өзүн илим-билимдүү деп эсептеген адамдар үчүн баа жеткис руханий баалуулук болуп саналган, Орто кылымдардын эрте доорундагы түрк диалектологиясынын фонетикалык жана морфологиялык түзүлүштөрү, диалекттик өзгөчөлүктөрү жөнүндө түшүнүк берүүчү жападан-жалгыз жазма эстелик болуп саналган «Дивану Лугат ат-Түрк» («Түрк тилдеринин сөз жыйнагы») эмгегинде ошол доордогу түрк уруулары — алардын тилдери жана жашаган жерлеринин чектери жөнүндө, алардын ата-теги жана байыр алган аймактары жөнүндө так илимий маалыматтар берилген.

Махмуд Кашгари-Барскани өзүнүн эмгегинде Карахандар кагандыгынын курамына кирген түрк элдерин санап көрсөткөн. Ал түрк элдерине 20 урук кирерин, алардын ар бири бир нече урууларга бөлүнөрүн көрсөтүп, окурмандарга ири урууларды гана санап өткөндүгүн, майда уруулар киргизилбегендигин эскерткен. Автор түрк урууларын эки топко бөлгөн жана аларды батыштан чыгышка карай жайгашуусу боюнча төмөнкүдөй тизмектеп жазган: «Түрк уруулары Византия туштан тартып жайгашкан — беченегдер (печенегдер), кыпчактар, огуздар, йемектер, башкырттар, басмылдар, кейлер, йабакулар, татарлар, кыргыздар, булар болсо Синдин жанында. Бул уруулардын баары тең Византиядан тартып Чыгышты карай кеткен кеңири мейкиндикте жайгашкан. Андан кийин чигилдер, туксилер, йагмалар, играктар, жаруктар, чумулдар, уйгурлар, таңгуттар, кытайлар, булар Син, табгачтар, а булар Мачин. Бул уруулар түндүк менен түштүктүн аралыгында жайгашкан» [2]. Ошентип өз доорундагы эң көрүнүктүү маданий борборлор болгон Кашкар, Багдад, Дамаск шаарларында билим алып, илимий иштер менен алектенүүнүн натыйжасында дасыккан чоң окумуштууга айланган курагында көп жылдар бою жер кыдырып, эл таанып тажрыйба топтогон Махмуд Кашгари-Барскани мунун баарын ар кайсы булактардан албастан, өз көзү менен көрүп-билгендери боюнча жазган.

Андан бери адамдардын ондогон муундары өтсө дагы, бул Тегерек картадагы көрсөтүлгөн жер аталыштары аркылуу Орто кылымдарда жана ага чейинки доорлордо жашап өткөн ата-бабаларыбыздын кандай шаарларды кургандыгы, кандай ордо сарайларды, мунараларды, чептерди жана храмдарды тургузгандыгы тууралуу, ал гана эмес, Орто кылымдарда эле Жердин тегерек экендиги жөнүндө түшүнүктүн болгондугу жөнүндө, мамлекеттердин жайгашуусу жөнүндө ынанымдуу тарыхый-географиялык маалыматтарды алабыз. Ошентип алар түрк дүйнөсүндөгү көсөм окумуштуу Махмуд Кашгари-Барсканинин бул баа жеткис эмгегинин натыйжасында таптакыр жиги жок, дайынсыз болуп кетишкен эмес.

Даанышман ойчул жана окумуштуу философ Махмуд Кашгари-Барсканинин Тегерек картасы географиялык объекттердин жайгашуусу менен айырмаланып турат. Ошол мезгилдеги «дүйнөнүн чордону» катары жалпы кабыл алынган Меккенин ордуна ал касиеттүү Ысык-Көлдү жана өзү туулуп-өскөн Барскан шаарын жайгаштырган. Картада кыргыздар жайгашкан жер көрсөтүлгөн эмес, бирок чыгарманын текстинде кыргыздар жөнүндө бир нече курдай эскерилет жана Кыргыз мамлекети түрк тилдүү уруулар орун-очок алган түндүк-чыгыш тарапта жайгашкандыгы жөнүндө айтылат. Ошентип Махмуд Кашгари-Барсканинин Тегерек картасында кыргыздардын жана башка түрк тилдүү элдердин эзелтен бери байырлап келген кеңири аймагынын учу-кыйырсыз мейкининдеги ээликтери ташка тамга баскандай так көрсөртүлгөн.

Махмуд Кашгари-Барскани өзүнүн Тегерек картасында байыркы түрк урууларынын Ыраакы Чыгыштан тартып Батыш Европага чейинки аралыктагы кеңири мейкиндикте ээлеген жерлерин жана аймактарын өз колу менен чийип белгилеген. Тегерек картада дүйнөнүн чыгыш, батыш, түндүк жана түштүк тараптары көрсөтүлгөн. Картада түрк уруулары жердеген аймактардан тышкары Ыраакы Чыгыштагы Япониянын (Жабарка), Ява аралдарынын (Жафу), андан берирээктеги Кытайдын (Мачин/Манчжурия), четки батыштагы франктардын, Эдил боюндагы кыпчактардын, түштүк-батыш тараптагы эфиоптордун, түштүк тараптагы Хинд жана Синд өлкөлөрүнүн, Улуу Зулкарнайын дубалынын ж.б. көрсөтүлүшү даанышман окумуштуунун географиялык билиминин тереңдигин жана кенендигин тастыктап турат.

«Жогоруда аталган уруулардын баарын өз-өзүнчө тегерек картага түшүрдүм. Румдан Мачинге чейинки түрк элдери жашаган аймактардын чоң бөлүгү узунунан – беш миң фарсахты, туурасынан – үч миң фарсахты, бардыгы – сегиз миң фарсахты түзөт. Мен аларды билишсин үчүн жердин тегерек картасына белгилеп көрсөттүм», – деп жазат Махмуд Кашгари-Барскани [2]. Эгерде жердин 1 перси фарсахы 5549 мге барабар болот деп эсептесек, анда даанышман окумуштуу картограф ушунчалык зор аймакта жашаган түрк урууларынын жерлеринин бардыгын кезип аралап чыгыш үчүн жана алардын ар бирин картага түшүрүп, каада-салттарын, маданий жана чарбалык өзгөчөлүктөрүн, өз ара байланыштарын сыпаттап жазып чыгыш үчүн өзүнүн алдына канчалык зор максатты койгондугунун өзү эле терең урматтоого жана жогору баалоого татыктуу. Ошондуктан дүйнөнүн бул уникалдуу Тегерек картасы илимий чөйрөдө дайыма зор кызыгууну жаратып келет. Бул Тегерек картаны Махмуд Кашгари-Барскани 1074-жылы түзгөн, ошондуктан ал эң байыркы, эң алгачкы түрк картасы болуп саналат.

Махмуд Кашгари-Барскани жөнүндө маалыматтар өтө эле аз, бирок анын өзү жөнүндө таамай жазган төмөндөгү сөзү сакталып калган: «Мен сөзгө чебер чеченмин, көркөмдөп айкын-ачык жана так сүйлөй алам, башкалардан терең жана жакшы түшүнөм, мен алдынкы саптагы адаммын, менин тууган-уругум — кайраттуу жоокер эл келет. Мен бардык урууларды, айыл-кыштактарды жана талаа-түздөрдү толук кезип аралап чыктым, түрктөрдүн, түркмөндөрдүн, огуздардын, чигилдердин, йагмалардын жана кыргыздардын сөздөрүн, макал-лакаптарын майда-чүйдөсүнө чейин үйрөндүм жана өздөштүрдүм. Акыры ар бир уруунун сөздөрүн мыкты өздөштүрүп билгенчелик деңгээлге жеттим. Алардын ар бирин узакка чейин өздөштүрүп, тактап билгенден кийин өзүмдүн сөз жыйнагымды түздүм жана аны «Түрк тилдеринин сөз жыйнагы» («Дивану Лугат ат-Түрк») деп атап койдум» [2]. Анын бул өзүн-өзү баалоосунда эч кандай мактаныч дагы, апыртмалык дагы жок. «Дивану Лугат ат-Түрк» чыгармасы жана андагы дүйнөнүн Тегерек картасы чындыгында эле сандаган кылымдарды карыткан түрк маданиятынын баа жеткис байлыгы, адабий, этнографиялык жана тарыхый-географиялык мурасы болуп саналат.

Махмуд Кашгари-Барсканинин Тегерек картасын алгачкылардан болуп немец окумуштуулары И.Маркварт, К.Миллер жана Г.Ганслер өздөштүрүп чыгышып, «Кашгаринин дүйнөлүк түрк картасы» деген темадагы атайын макаланы жарыялашкан. Алардан кийин аны орус окумуштуулары И.Крачковский, И.Умняков, В.Минорский, А-З.Валиди, академик В.Бартольд, өзбек окумуштуулары С.Умурзаков, Х.Хасанов, казак окумуштуусу З-А. Ауэзова, кыргыз окумуштуулары Ө.Караев жана Т.Чоротегиндер изилдешти [20].

Кыргыз чыгыш таануучусу, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Улуттук университетинин профессору Чоротегин Тынчтыкбек Кадырмамбет уулунун «Махмуд Кашгари-Барсканинин «Дивану лугати-т-түрк эмгеги – көөнөргүс булак» деген аталыштагы жаңы жарык көргөн илимий басылмасы, аталышынан көрүнүп тургандай, Орто кылымдардагы илимдин жана искусствонун Кайра жаралуу (Ренессанс) доорунда, т.а. XI кылымда жашап өткөн жана залкар илимий эмгекти жараткан көсөм ойчул жана даанышман окумуштуу Махмуд Кашгари-Барсканинин өмүр таржымалы жана чыгармачыл ишмердүүлүгү илимий негизде ургаалдуу изилденип-иликтенген түптүү эмгек [11].

Даанышман окумуштуу Махмуд Кашгари-Барсканинин Борбордук жана Ички Азия аймагындагы түрк тилдүү элдердин бирдиктүү көөнө тарыхы боюнча, аларга таандык нукура этнографиялык маалыматтар жана орток түрк тилдери боюнча көөнөргүс булак болуп саналган «Түрк тилдеринин сөз жыйнагы» («Дивану Лугат ат-Түрк») эмгеги – жалпы адамзат коомунун эң баалуу илимий, маданий жана руханий мурасы, улуу дөөлөтү, аларды таанып билүүгө жана өздөштүрүүгө талаптанган окурман үчүн баа жеткис тарыхый булак экендиги илимий нукта тастыкталган Тынчтыкбек Чоротегиндин бул илимий басылмасы салмактуу илимий эмгек болуп саналат [11].

*  *  *

Махмуд Кашгари-Барсканинин бул уникалдуу эмгеги жалпы түрк элдеринин тилдеринин тарыхы үчүн да түптүү эмгек болуп саналат. Эмгек тууралуу маалыматтарды ар кандай булактардан алууга болот. Ошондуктан, биз ал булактардын бирин дагы көз жаздымда калтырбоого аракет кылдык. Бул эмгектин маанилүүлүгүнүн дагы бир башкы себеби — анда түрк изилдөөчүсү тарабынан түзүлгөн дүйнөнүн алгачкы Тегерек картасынын берилиши. Бул карта азыркы учурдагы карта түзүүнүн заманбап ыкмаларына салыштырмалуу жөнөкөй, XI кылымдагы шарттардын, географиялык билимдин жана ыкмалардын негизинде түзүлгөн. Арийне, анын уникалдуулугу жана баалуулугу — Махмуд Кашгари-Барскани дүйнөнүн картасын түзүп, ага түрк уруулары жана башка элдер отурукташкан негизги аймактарды жана маанилүү шаарларды түшүргөндүгү.

Бул изилдөөнүн максаты «Дивану Лугат ат-Түрк» эмгегиндеги Тегерек картанын арабча, түркчө ж.б. тилдердеги (орус, англис) аталыштарын кылдаттык менен салыштыруу аркылуу талдоо жүргүзүп түшүндүрмө берүү, андагы аталыштарды кыргыз тилине түп нускадагы маанисин бузбай которуу болгондуктан, изилдөөбүздүн өзөгүн мына ошол Тегерек картанын кыргыз тилине бүтүн жана толук котормосун түп нусканын дал өзүндөй жайгаштырып берүү түздү. Тегерек картадагы жер аталыштарынын араб тилинен кыргыз тилине которулган аталыштарынын санариптик тизмеси өтө кылдаттык менен ырааттуу түзүлдү. 

Картанын кыргызча котормосун туура бериш үчүн бир катар булактар, анын ичинде Махмуд Кашгари-Барсканинин бул уникалдуу картасы терең изилденген эмгектер, Тегерек карта тууралуу маанилүү маалыматтар жана картадагы аталыштар араб, түрк, орус жана кыргыз тилдеринде талдалып «жиликтелип», так тастыкталды. Жер аталыштары кыргыз тилине алардын араб, түрк, англис жана кытай жазмаларындагы аталыштарын бири-бири менен салыштыруу аркылуу которулду. Андан тышкары, ар түрдүү ой-пикирлер жана болжолдуу маалыматтар камтылган бир катар шилтемелер берилди. Ошентип, натыйжада Махмуд Кашгари-Барсканинин кыргыз тилиндеги Тегерек картасы алгачкы жолу түп нускасындай бүтүн жана толук берилди.

Жыйынтыктап айтканыбызда, Махмуд Кашгари-Барсканинин «Дивану Лугат ат-Түрк» («Түрк тилдеринин сөз жыйнагы») эмгеги жана андагы дүйнөнүн Тегерек картасы Орто кылымдар доорундагы түрк дүйнөсүнүн илимий ой жүгүртүү деңгээлинин уникалдуу көрсөткүчү болуп саналат.

*  *  *

Биздин бул эң кызыктуу жана өтө жоопкерчиликтүү изилдөө ишибиз ошол Тегерек картанын кыргызча котормосунун «Махмуд Кашгари-Барсканинин «Дивану лугат ат-түрк» («Түркий тилдер сөз жыйнагы», 1072-1077-жж. жазылган) эмгегинде берилген дүйнөнүн Тегерек картасындагы жер аталыштарынын кыргызча толук котормосу» деген аталыш менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында 2018-жылдын 17-апрелинде катталып, автордук укук объектисин каттоо жөнүндө чечим чыгарылды жана Махмуд Кашгари-Барсканинин кыргыз тилиндеги Тегерек картасы автордук укук объектилерине кире тургандыгы Кыргызпатенттин № 3294-күбөлүгү менен тастыкталды. Бул биз үчүн, Тегерек картанын кыргызча котормосунун авторлору — биз үчүн, илимий ишибиздин эң сыймыктуу дагы, эң жооптуу дагы натыйжасы болду деп эсептейбиз. Бирок бул иш, албетте, ушуну менен токтолуп калбайт. Биздин изилдөө ишибиздин бул илимий натыйжасы Кыргызстан тарыхында илимий билимдердин өнүгүү айдыңындагы дагы көптөгөн илимий изилдөө ишмердүүлүгүнүн жооптуу милдеттерин аркалоого үндөйт жана деп берүүчү түрткү болот.

*  *  *

Махмуд Кашгари-Барсканинин уникалдуу Тегерек картасынын кыргыз тилине толук жана бүтүн которулган бул алгачкы түп нускасы Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүүчү мектептин 5-классы үчүн 2018-жылы жаңы билим берүү стандарты боюнча басылып чыккан «Кыргызстандын жана Дүйнөнүн тарыхы» окуу китебинин 5-бетине берилди. Окуу китеби кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жарык көрдү. «Кыргызстандын жана Дүйнөнүн тарыхы» окуу китеби Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-ж. 21-июлундагы «Кыргыз Республикасында жалпы орто билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө» № 403-Токтомунун негизинде иштелип чыккан «Тарых» предмети боюнча билим берүүнүн стандартына ылайык даярдалган (Ө.Ж. Осмонов, Ш. К. Керимова, Г. К. Жыргалбекова. Кыргызстандын жана Дүйнөнүн тарыхы. 5-кл. Жалпы билим берүүчү мектеп үчүн окуу китеби. – Б.: Билим-компьютер, 2018. – 2018. – 208 б.: илл.).

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сатук Абд-аль-Керим Буура Кара-хан.jpg
Махмуд Кашгари-Барскани
Күбөлүк.jpg
5-класстын китеби.jpg
Тегерек карта (сайтка).jpeg

Махмуд Кашгари-Барсканинин Тегерек картасын которуу учурунда пайдаланылган илимий булактар:

 

1. Бартольд В. В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер [Текст] / Түз., кошумча түшүндүрмөлөр ж-а алгы сөз жазган Ө. Караев. / Кырг. котор. котормочулар жамааты. – Б.: «Айбек» фирмасы, 1997.

2. «Диван лугат ат-турк»: Свод тюркских слов. Том 1. Махмуд ал-Кашгари, 2010.

3. Исабекова У.К. Махмуд Кашгари — основоположник ареальной лингвистики [Текст] / Вестник РУДН. Серия: Теория языка. Семиотика. Семантика // http://journals.rudn.ru/semioticssemantics.

4. Кононов А.Н. Махмуд Кашгарский и его «Дивану люгат ит-Тÿрк» [Текст] / А.Н. Кононов // Сов. тюркология. 1972. № 1.

5. Кыргыз совет энциклопедиясы: III т. [Текст] / Кыргыз ССР Илимдер академиясы // Башкы ред. А. Табалдиев, Б. Ɵ. Орузбаева. – Ф.: Кыргыз совет энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976–1983.

6. Кыргызстан. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011.

7. Махмуд ал-Кашгари “Диван Лугат ат-Турк”. – Алматы: Дайк-Пресс. – 2005.

8. Махмуд Кашгари Диван лугат ат-турк. – Б., 2011.

9. Очерки истории школы и педагогической мысли народов СССР с древнейших времен до конца XVII века / Ответ. ред. Э.Д.Днепров. – М.: Педагогика, 1989. – 422 б.

10. Стивен Фредерик Старр. Утраченное Просвещение. / Золотой век Центральной Азии от арабского завоевания до времен Тамерлана. [Текст] – М.: Альпина Паблишер. – 2017. – 576 б.

11. Чороев Т.К. «Диван лугат ат-турк» Махмуда Кашгари как источник по истории тюркоязычных народов Средней и Центральной Азии // Ориенталистика в Киргизии / Отв. ред. М.Я.Сушанло. – Ф.: Илим, 1987. – 12–26-бб.

12. Чоротегин Т. Махмуд ибн Хусейин ал-Кашгаринин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги (1072–1077-жж.) Теңир-Тоо жана Ички Азия түрк элдеринин тарыхы боюнча булак катары: Тарых илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алууга талаптанып жазылган дисс. авторефераты. – Б.: КР УИАсынын Тарых институту, 1998. – 48 б.

13. Чоротегин Т.К. Барскан шаары — Махмуд Кашгари-Барсканинин туулган жери // “Махмуд Кашгари-Барсканинин дүйнөлүк илимге кошкон салымы” аттуу 2-эл аралык илимий-практикалык конференциянын баяндамаларынын жыйнагы. – 21-23-апрель, 2016-жыл, Бишкек ш. – Чыгыш ун-тети; Түрк дүйнөсү шаарлардын акимиаттарынын биримдиги. Карабүк ун-тети. – Б. 23–31-бб.

14. Чоротегин Т. К. Махмуд Кашгари-Барсканинин «Дивану лугати-т-түрк» эмгеги – көөнөргүс булак: Илимий басылыш [Текст] / Редколлегия: К.С.Молдокасымов (төрага) ж.б. – «Мурас» фонду. – «Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмеси. – Б.: «Турар» басмасы. – 2017. – 376 б., сүрөт, карта. – [«Тарых жана мурас» түрмөгү].

15. Barthold, V. V. (2017). Orta Asya Türk Tarihi Hakkında Dersler (3. bs.). R. Hulusi Özdem (Çev.). Ankara: Türk Tarih Kurumu Yayınları.

16. Dankoff, R. – Kelly, J. (1985). Compendium of the Turkic Dialects (Dīwān Luγāt at-Turk), Part III. Harvard University.

17. Ercilasun, A. B. – Akkoyunlu, Z. (Haz.) (2015). Kâşgarlı Mahmud Dîvânu Lugâti’t-Türk, giriş-metin-çeviri-notlar-dizin (2. bs.). Ankara: Türk Dil Kurumu Yayınları.

18. Grousset, R. (2015). Stepler imparatorluğu Attilâ, Cengiz Han, Timur (2. bs.). H. İnalcık (Çev.). Ankara: Türk Tarih Kurumu Yayınları.

19. Ligeti, L. (2011). Bilinmeyen İç Asya (3. bs.). S. Karatay (Çev.). Ankara: Türk Dil Kurumu Yayınları.

20. Vásáry, I. (2007). Eski İç Asya’nın tarihi. İ. Doğan (Çev.). İstanbul: Ötüken Yayınları.

21. Çorotegin Т. Kaşgarlı Mahmut // İpekyolu. – İstanbul. – 1995. – Eylül. – Sayı 21. – S. 62–64.

22. Источник: http://e-history.kz/ru/contents/view/4052.

23. Ө.Ж. Осмонов, Ш. К. Керимова, Г. К. Жыргалбекова. Кыргызстандын жана Дүйнөнүн тарыхы. 5-кл. Жалпы билим берүүчү мектеп үчүн окуу китеби. – Б.: Билим-компьютер, 2018. – 2018. – 208 б.: илл.

24. О. Дж. Осмонов, Ш. К. Керимова, Г. К. Жыргалбекова. История Кыргызстана и мировая история. Учебник для 5 кл. общеобразоват. шк. – Б.: Билим-компьютер, 2018. – 2018. – 208 с.: илл.

25. Кыргызстандын жана Дүйнөнүн тарыхы окуу китебинин өзбек жана тажик тилдериндеги котормолору, 5-кл.



Авторлору:

bottom of page