"Билим Ордо"
коомдук интеллектуалдык фонду
+996-550-231803
+996-777-605408 (WhatsApp)
+996-777-808901 (WhatsApp)
aigulelebesova@mail.ru
elebesova312@gmail.com
БИЛИМ – ӨНӨР БУЛАГЫ
Мен – Изилдөөчүмүн!
Васильев Н. И. | Элебесова А. Б. | Тастанбеков М. М. |
---|---|---|
Васильев_Николай_Иванович | Сыйлыктар | Бообек уулу Болот |
Элебесова Р. | 51 | Сокорутов А.В. |
Тегерек стол | 46 (1) | ИТК Колледж |
Жумабекова А. | Хүснү 1 | Баетов а., Ак-Талаа р. |
18 | Кочкор а. Нарын обл. | Уюштуруучулар |
Карта жана биз | Кочкор а. Нарын обл. |
Түрк дүйнөсү:
Инсандык руханий маданият
1
МААЛЫМДОО КАТЫ
Кыргыз билим берүү академиясы «Билим Ордо» коомдук-интеллектуалдык фонду жана Бишкек шаарындагы профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи менен биргеликте 2024-жылдын 4–5-ноябрында жалпы орто билим берүү уюмдарынын окуучуларынын жана мугалимдеринин, студенттердин жана окумуштуу педагогдордун «Түрк дүйнөсү: Инсандык руханий маданият» деген темадагы Эл аралык илимий-практикалык конференциясын профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде өткөрө тургандыгын билдирет.
3
ИЛИМИЙ МАКАЛАНЫ КАНТИП ТУУРА ЖАЗУУ КЕРЕК?
Илимий макала — диссертациянын, курстук жана дипломдук иштердин, рефераттардын, илимий-тажрыйбалык конференциянын ж.у.с. темасына байланыштуу проблемалардын алкагындагы белгилүү бир теманы чагылдырган жана логикалуу бир бүтүндүүлүктө сыпатталган, анын жыйынтыгы корутундулап бүткөрүлгөн чыгарма.
ФОНД ЖӨНҮНДӨ
«Билим Ордо» коомдук интеллектуалдык фонду аны уюштуруучу тарабынан социалдык, маданий, илимий-таанып билүүчүлүк жана башка коомдук-пайдалуу милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында берилген мүлктүн негизинде уюштурулган ыктыярдуу, мүчөлүгү жок, коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
Фонддун аталышы:
мамлекеттик тилдеги толук фирмалык аталышы:
«Билим Ордо» Коомдук интеллектуалдык фонду;
кыскартылган аталышы — «Билим Ордо» КИФ;
расмий тилдеги толук фирмалык аталышы:
Общественный интеллектуальный фонд «Билим Ордо»
кыскартылган аталышы — ОИФ «Билим Ордо».
Фонд өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык жана «Билим Ордо» КИФинин Уставынын негизинде жүргүзөт.
Фонддун ишмердүүлүгүнүн предмети социалдык, маданий, илимий-таанып билүүчүлүк жана башка коомдук-пайдалуу милдеттерди жүзөгө ашырууга кызыкдар инсандардын күч-аракеттерин бириктирүү болуп саналат.
Фонддун негизги ишмердүүлүк багыттары төмөнкүлөр:
1) кыргыз элинин жана башка элдердин улуттук каада-салттарын жана үрп-адаттарын, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын, материалдык эмес мурастарын, маданияттарын жана илимий билимдеринин негиздерин өздөштүрүү, өнүктүрүү жана жайылтуу;
2) кыргыз элинин жана башка элдердин улуттук колдонмо жана көркөм өнөрүн өнүктүрүү (оймо-чийме ж.у.с.);
3) окуучулар, жаштар жана жарандар арасында элдик каада-салттарды, улуттук патриотизмди дүйнөлүк маданий баалуулуктар менен айкалыштырып кайра жаралтуу жана өнүктүрүү;
4) окуучулардын жана студенттердин Кыргызстан элинин улуттук маданияттарын өнүктүрүү жана улуттар аралык мамилелерди гармониялаштыруу боюнча, коомду социалдык, руханий жана адеп-ахлактык жактан өнүктүрүп-өркүндөтүү, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды байытуу боюнча илимий багыттагы изилдеп-иликтөө иштерин жүргүзүү ишмердүүлүктөрүнө көмөктөшүү;
5) окуучуларды жана студенттерди улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын негизинде тарбиялоо, алардын дүйнөгө болгон жогорку адеп-ахлактык жана эстетикалык көз караштарын калыптандыруу;
6) окуучуларга жана студенттерге демократиялык жана гумандуулук принциптердин, маданий жана руханий баалуулуктардын рухунда таалим-тарбия берүү;
7) табигый жана гуманитардык илимдер жаатындагы жаңы илимий билимдерге ээ болуу үчүн фундаменталдуу изилдөө жүргүзүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
8) окуучулар жана студенттер арасында демократиялык мамлекеттин идеологиялык, руханий жана адеп-ахлактык укуктук негиздерин өнүктүрүп-өркүндөтүүгө багытталган илимий-таанып билүүчүлүк билимдерди үйрөтүү жана жайылтуу ишмердүүлүгүн жүргүзүү багытында ата мекендик жана эл аралык симпозиумдарды, конференцияларды, дискуссиялык клубдарды, семинарларды, вебинарларды, жолугушууларды, тегерек столдорду жана кызматташуунун башкача түрлөрүн уюштуруу;
9) кыргыз элинин жана башка элдердин улуттук каада-салттарын жана үрп-адаттарын, элдик маданияттарын өнүктүрүү жана жайылтуу багытында илимий-басма ишмердүүлүгүн жүргүзүү;
10) илимий-таанып билүүчүлүк билимдерди, улуттук каада-салттарды жана үрп-адаттарды, маданиятты жана тилди жайылтуу максатында веб-сайт түзүү.
2009-жылдын март айындагы жазгы каникулдан бери кыргызстандык окуучулар жана мугалимдер, студенттер жана окутуучулар, ошондой эле окумуштуу педагогдор түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы билим берүүчү уюмдарынын (мектеп, гимназия, лицей) эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияларына катышып, ал тургай, өздөрү кошо уюштурушуп жана өткөрүп келе жатышат.
Бул илимий-тажрыйбалык конференциянын идеясы, максаты жана милдеттери — өсүп жетилип келе жаткан жаш муундун көңүлүн түрк тилдүү мамлекеттердин тарыхын жана маданиятын илимий жактан изилдеп-иликтөө ишине буруу; окуучуларда жана жаштарда башка элдердин өкүлдөрү менен баарлашуу маданиятын тарбиялоо; патриоттуулук жана интернационалисттик, өз элинин тарыхый өзөгү менен сыймыктануу жана татыктуу болуу өңдүү жарандык аң-сезимдерин калыптандыруу; ошондой эле чыгармачылык менен ой жүгүртүп эмгектенген кызыкдар окуучулар жана мугалимдер, педагогикалык жана илимий коомчулук ортосунда дискуссияларды жүргүзүү үчүн, алардын өз ара илимий-таанып билүүчүлүк кызматташтыкты жүргүзүүсү үчүн талапка жооп бергидей деңгээлдеги шарт түзүү. Ушул максатта конференцияда жалпы адамзаттык нарк-дөөлөт, каада-салт жана үрп-адат ченемдери, түрк тилдүү элдердин фольклору жана филологиясы, көп маданияттуу билим берүүдөгү маданияттардын диалогу сыяктуу кызыктуу проблемалар тууралуу маалыматтар берилет.
Гуманитардык илимдердин тутумуна кирген, түрк тилдүү элдердин тилин жана адабиятын, тарыхын жана маданиятын изилдеп өздөштүрүүчү түрк таануу илими окуучулардын жана студенттердин көп маданияттуулук компетенттүүлүгүн, руханий жактан өнүгүүсүн жана толеранттуулугун калыптандырууга зор түрткү болот. Ошондуктан бирдиктүү маалыматтык-билим берүүчүлүк чөйрөгө кирүү менен, биз этномаданий таалим-тарбия берүү жаатындагы эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө, мугалимдердин алдынкы тажрыйбаларын жайылтууга, окуучулардын түрк тилдүү элдердин тарыхын жана маданиятын билүүгө, тереңирээк өздөштүрүүгө болгон кызыгуусун арттырууга шарт түзүүгө аракет кылабыз. Окуучулардын эл аралык ларын өткөрүүнүн максаты — бул түрк тилдүү мамлекеттердин тарыхын жана маданиятын илимий жактан изилдеп-иликтөө ишине педагогикалык жана илимий коомчулуктун, өсүп жетилип келе жаткан өспүрүмдөрдүн жана жаштардын көңүлүн буруу, ошону менен бирге бул проблемалар боюнча кызыкдар окуучулар, мугалимдер, студенттер жана окумуштуулар арасында дискуссиянын көтөрүлүшү үчүн шарт түзүү. Албетте, биз аларга өзүбүздүн көз карашыбызды таңуулоодон алыспыз, биздин максатыбыз бул дискуссияга кызыкдар инсандардын бардыгы бирдей тең укуктуу катышуусун камсыз кылуу болуп саналат.
Мына ушул багыттагы таалим-тарбиялык иштер 2001-жылдын 1-апрелинен тартып 2017-жылдын 31-майына чейин Кыргыз билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык билим берүү лабораториясында улук илимий кызматкер болуп эмгектенген Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, педагогика илимдеринин кандидаты Элебесова Айгүл Бейшенакуновнанын демилгеси жана уюштуруусу менен жүргүзүлүп келген. Ал эми 2018-жылдын февралынан тартып ал өзү түзгөн «Билим Ордо» коомдук интеллектуалдык фондунун Уставына ылайык, ушундай илимий-тажрыйбалык конференцияларды өткөрүүгө укутуу болгондуктан, бул ИТК Фонд тарабынан уюштурула баштады.
Айлен Жумабекова, Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компютердик гимназиянын 5М1-классынын окуучусу.
Кыргыз Республикасы
ЭСИМДЕН ЧЫККЫС КАНИКУЛ!
2011-жылдын март айындагы жазгы каникул мен үчүн өзгөчө маанилүү каникул болуп эсимде сакталып калды. 25–26-мартта Бишкек шаарындагы мен өзүм окуп билим алып жаткан Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияда түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы билим берүүчү мекемелеринин (мектеп, гимназия, лицей) окуучуларынын жана мугалимдеринин, окумуштуу педагогдордун «Түрк дүйнөсү: Якутиядан тартып Жер Ортолук деңизине чейин Кыргызстан аркылуу» деген темадагы Эл аралык түркологиялык илимий-тажрыйбалык конференциясы болду. Ага түрк тилдүү төрт өлкөнүн: Кыргызстандын, Саха Республикасынын (Россия Федерациясы), Казакстандын, жана Түркия Республикасынын өкүлдөрү катышты. Мен дагы өзүмдүн сүйүктүү гимназиямдын атынан «Кыргыздардын байыркы ата журту» деген темадагы доклад менен чыгып сүйлөдүм. Конференциянын аягында, башка катышуучулар сыяктуу эле, Кыргыз билим берүү академиясынын Сертификатын жана Якутиянын «Юный тюрколог» деген грамотасын, түркология темасындагы кызыктуу китептерди белекке алдым. Мен үчүн бул сыймыктуу да, эч качан эсимден чыккыс дагы окуя болду.
Мен бул конференциянын жүрүшүндө түрк тилдүү мамлекеттердин тарыхы жөнүндө көп нерселерди билдим, жаңы досторду таптым, тарыхка аябай кызыгып калдым, тарыхый булактарды окуганды жана колдонгонду, жазылган теманын жыйынтыгын чыгарганды үйрөндүм.
24-март күнү Бишкек шаары, «Манас айылы» жана «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси боюнча, 27–28-мартта кыргыз бермети Ысык-Көлдөгү «Рух Ордо» тарыхый-архитектуралык комплексине, Х кылымда тургузулган «Бурана» мунарасына экскурсияга бардык. Болгон жерлердин баарында тең сүрөткө түштүк. Сүйүктүү Ата Мекенибиз Кыргызстаныбыздын тарыхый жерлерине жасалган бул экскурсиялар абдан кызыктуу болду, баарыбызга тең аябай жакты.
Ушундай кызыктуу конференцияны жана экскурсияларды уюштурган агай-эжейлериме, жетекчим Турсунгүл Байболотова эжейиме, Кыргыз билим берүү академиясынын улук илимий кызматкери Айгүл Элебесова эжейге жана Саха Республикасынан келген уюштуруучу агай Николай Васильевге аябай чоң рахмат!
Силердин баарыңыздарга жана өзүмдүн гимназиямдын окуучуларына, классташтарыма, чет өлкөлөрдөн келген досторума окуудагы жана ушундай сабактан тышкаркы долбоордук иштердеги ийгиликтерди каалайм!
ПИКИРЛЕР
Васильева Мария, ученица 10 класса Верхневилюйской СОШ № 3. Республика Саха, Российская Федерация
ЮНЫЕ ТЮРКОЛОГИ ЯКУТИИ В КЫРГЫЗСТАНЕ
25–26 марта 2011 года в столице Кыргызстана г. Бишкеке прошла Международная тюркологическая конференция по теме: «Тюркский мир: от Якутии до Средиземного моря через Кыргызстан». Мы из Якутии приехали 7 учеников и 3 учителя. Это Аммосова Уруйдаана и Васильева Лиза из села Курбусах Усть-Алданского улуса, обе 10-классницы, 11-классник Больницкий Коля из Кобяконской СОШ Намского улуса, из Верхневилюйского улуса: Михалёва Саина, 10-классница из Далырской школы, Москарова Луиза, 10-классница из гимназии, Ильин Артём, 10-классник из Херсонской школы, Васильева Мария, 10-классница СОШ № 3 с. Верхневилюйск. С нами были учителя Сокорутов Андрей Валерьевич из Токкинской школы Олекминского улуса, Львова Вилена Павловна и Васильев Николай Иванович, историки Верхневилюйской республиканской гимназии,
Конференция прошла в Национальной компьютерной гимназии г. Бишкек. Мы все прочитали свои доклады по истории и культуре Якутии. Слушатели очень заинтересовались, для них это были свежие темы. Участники были из разных уголков Кыргызстана и Казахстана. Мы все получили призы по разным номинациям и были очень довольны.
Кыргызы встретили нас очень тепло и сердечно, показали город Бишкек и его музеи. Бишкек оказался очень чистым и прекрасным городом. Много деревьев, на улицах нет ни грязи и мусора. Посетили Музей истории Кыргызстана, музей М.В.Фрунзе, Национальную картинную галерею, парк «Манас айылы», мемориальный комплекс «Ата-Бейит». Жители были очень гостеприимны и дружелюбны.
После конференции вместе с кыргызскими участниками поехали на озеро Иссык-Куль. М ы думали, что оно обычное озеро, а оказалось, что оно великое озеро, противоположного берега еле видно. Отдыхали в прекрасном архитектурно-историческом комплексе «Рух-Ордо» на берегу озера, где представлены духовные культуры основных религий мира и высокая культура кыргызского народа. После этого мы осмотрели древнюю башню «Бурана», построенную ещё в Х веке, высотой в 25 м. Мы были очарованы древностью и взволнованы, фотографировались на вершине башни.
Назавтра поехали в Казахстан, в Алматы. Нас поселили в очень хорошей гостинице. Утром посетили Библиотеку Академии наук Казахстана, участвовали в Круглом столе, затем гостили в Колледже новых технологий, там было очень интересно. Посетили много музеев.
В Алмате были два дня, потом поехали в очень жаркий город Туркестан. Ректор Казахско-турецкого Международного университета имени Ходжа Ахмеда Ясави доктор технических наук Лесбек Ташимов тепло принял нас, рассказал об университете, пригласил нас туда учиться. Здесь обучаются 30 тысяч студентов. Затем мы были в восхищении от нового грандиозного исторического музея Туркестана, от мавзолея великого Ахмеда Ясави.
В общем, хочу сказать, что желающие из Якутии могут поехать учиться в братский Казахстан на учёбу. Мы крепко поняли, что мы, хотя и другой народ, но имеем общих предков с другими тюркскими народами, и хотим дальше продолжать и укреплять эти дружеские связи!
Аммосова Уруйдаана, ученица 10 класса Курбусахской СОШ имени Н.Н.Окоемова Усть-Алданского улуса. Республика Саха, Российская Федерация
ПУТЕШЕСТВИЕ ПО СРЕДНЕЙ АЗИИ
Все люди на земле имеют свои корни, предки их хранили свои неповторимые особенности в обычаях, традициях и мировоззрениях. И всё это каждый человек должен знать и помнить.
Тюрки... Древний тюркский мир... Мы, народ саха, относимся к нации тюрков. У всех тюркских национальностей есть похожие стороны. Например, в национальных одеждах, письменности (буквы), происхождение слов и т.д.
Обо всём этом и о многом другом, о понятии дружбы между «родственниками», об объединении тюркского народа, мы очень хорошо поняли на международной научно-практической конференции «Тюркский мир: от Якутии до Средиземного моря через Кыргызстан».
Наша конференция проводилась в Кыргызской Республике, в г. Бишкек. Учащиеся школ, гимназий и лицеев, учителя истории, исследователи тюркского мира выступили с очень интересными работами, которые могут быть полезными любому человеку, занимающимся тюркологией.
Благодаря этой конференции мы побывали в самых красивых, интересных местах Кыргызской Республики и Республики Казахстан. Вместе с учащимися в городе Бишкека мы побывали на историческом музее. Особенно всех поразила экскурсия на жемчужину между Кунгей и Терскей Ала-Тоо — озеро Иссык-Куль, минарет «Бурана». Никогда не исчезнут из памяти приятные воспоминания о путешествии по Республике Казахстан, красивые города Алматы и Туркестан.
Встретились с ректорами Кыргызско-турецкого университета «Манас» (Бишкек), Казахско-турецкого Международного университета имени Х.А.Ясави (Туркестан) и Алматинского колледжа новых технологий (Алматы), с учёными-исследователями тюркологами и т.д.
Всё это время учащиеся и учителя разных школ республик очень хорошо сблизились и стали как одна большая интернациональная дружная семья. Эта поездка, как я думаю, принесла только пользу. Мы научились общаться с разными людьми, познакомились с культурой кыргызов и казахов, обменялись знаниями и духовными богатствами. Хотя дорога была длинная, требовала много расходов, энергии, терпения — результаты этого стоили. Никто из нас не жалеет о проделанных работах и путешествиях.
Хочу поблагодарить наших учителей Васильева Николая Ивановича, Львову Вилену Павловну и Сокорутова Андрея Валерьевича за то, что помогли понять ценность братства людей и народов.
Добрый путь «Тюркскому миру»!
Больницкий Коля, ученик 11 класса Кобяконской СОШ Намского улуса. Республика Саха, Российская Федерация
МЫ — ТЮРКИ!
Наше интересное, познавательное и очень увлекательное путешествие началось 21 марта и длилось две недели. Главной целью поездки было выступление со своими научно-исследовательскими докладами в Международной тюркологической конференции «Тюркский мир: от Якутии до Средиземного моря через Кыргызстан» и посещение музеев в Киргизии и Казахстане.
Из Республика Саха нас, можно сказать, патриотов Родины, всего было семь ребят и два руководителя: Васильев Николай Иванович и Львова Вилена Павловна.
Сначала мы были в Киргизии в городе Бишкек. Там нас очень тепло встретили и заселяли в общежитие Национальной компьютерной гимназии. В этой же гимназии в течении двух дней проводилась конференция. Все очень хорошо выступили и узнали много нового о тюркских народах от докладов других участников. В Бишкеке мы посетили много музеев, парков, площадей, увидели достопримечательности Бишкека. красивый город смотрится ещё красивее тем, что вокруг города стоят большие, красивые горы. Потом на два дня целый автобус детей-участников конференции (но не все участники здесь были, а только гости и избранные участники) ездили на озеро Иссык-Куль и в башню «Бурана».
Я думал, что Иссык-Куль — это всего лишь озеро, а оказалось, что не видно ни конца его, ни края, почти как море. Вообще такое красивое место, что словами не опишешь. А башня «Бурана» это тоже красивое и историческое место ещё со времён существования знаменитой Великой Шёлковой пути. В то время «Бурана» была высотой 46 м, а сейчас около 24 м, и тогда караванщики использовали её как маяк.
В общем, Киргизия мне очень понравилась, оказывается здесь есть очень красивые исторические места, кругом большие горы, а сами киргизы очень гостеприимный и культурный народ.
Следующей точкой нашего познавательного путешествия был Казахстан, город Алматы. Здесь мы были всего два дня, и за эти два дня мы успели посмотреть главные достопримечательности города. Особенно мне понравился национальный музей, где хорошо видна культура и быт древних казахов и поход в горы. Потом с Алматы мы ездили в город Туркестан на поезде целых 12 часов на жарком и тесном вагоне, вот это была настоящая нервотрёпка. Оказывается, Казахстан — степная местность, никакой живописной природы, вообще настоящая пустыня, даже маленького озера не увидел. Природа Якутии по сравнению с казахстанской сплошной степи, оказывается, вообще рай.
Сам город Туркестан мне очень понравился. Хотя мы там были всего один день, мы успели посмотреть всё то, что может посмотреть турист, приехавший в Туркестан. Но нашей главной целью было посещение Казахско-турецкого Международного университета имени Х.А.Ясави. Так как университет международный, здесь предусмотрены все удобства для обучения. И, кстати, здесь учатся 8 якутских студентов по разным направлениям. Говорят, что университет очень хороший и учат очень старательно. Каждый год сюда может приехать учиться пять якутских ребят. И мне тоже хотелось, если будет возможность, приехать сюда учиться. После университета город нам показали якутские ребята, которые здесь учатся. Главная историческая достопримечательность города эта мавзолей Ахмеда Ясави, который в XV веке был построен по приказу Тамерлана. И действительно, это очень удивительное, интересное место, мне понравилось.
На этом наше долгое, интересное и познавательное путешествие закончилось. За эти две недели путешествия я узнал много новых, полезных для себя вещей, а также узнал много о киргизских и казахских народах. За эти дни у меня появились много и якутских, и киргизских друзей.
И я очень рад, что мне выпала такая честь путешествовать по столь интересным тюркским землям.
Айжамал Кылыч кызы, ПНК-216-тайпанын студенти, И.Арабаев атындагы
КМУнун Колледжи
2018-жылдагы «ТҮРК ДҮЙНӨСҮ: БИЛИМ — ӨНӨР БУЛАГЫ» (Кыргызстан, Бишкек) жана «ТҮРКІ ӘЛЕМІ: ТАРИХИ ТЕРЕҢ ТҮРКІСТАН» (Казакстан, Түркстан) ТЕМАЛАРЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ТАЖРЫЙБАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯЛАРДЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ОЙЛОРУ
2018-жылдын 11-майында Казакстан Республикасынын Түркстан шаарындагы Кожо Акмат Ясави атыдагы Эл аралык казак-түрк университетинде өткөн «Түркі әлемі: Тарихи терең Түркістан» аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясына биздин колледжден 3 студент: Кундуз Өмүшова, Темирбек Ажыбеков, мен жана жетекчибиз, улук окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты Элебесова Айгүл Бейшенакуновна болуп катышып келдик.
ИТК Кожо Акмат Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университетинин, Түркстан шаарындагы орто мектептердин, Кыргызстандан жана Өзбекстандан барышкан дилгир студенттердин жана окутуучулардын, окумуштуу педагогдордун катышуусунда жогорку деңгээлде өттү. Кыргызстандан баардыгы 15 катышуучу болдук.
Бул ИТКдан көптөгөн пайдалуу маалыматтарга ээ болуу менен, өз билимимди дагы да болсо бир баскычка жогорулата алдым десем болот. Себеби бул конференцияда көптөгөн кызыктуу маалыматтарды камтыган илимий негиздеги баяндамалар окулуп, кызуу талкуунун жаратты.
Боордош казак студенттеринин жана окуучуларынын билимге, илимий изденүү иштерине болгон кызыгуусу, өз тарыхына жана эне тилине, маданиятына, салт-санаасына жана мамлекетине карата урмат-сыйы, патриоттук сезимдери биздин дагы өз элибиздин тарыхын сүйүүгө жана урматтоого түрткү болду жана илимий изилдөө иштерине салым кошуу керек деген ойдун жаралышын шарттады десем болот. Мындан ары мен дагы Ата Мекенимдин тарыхы, маданий өнүгүүсү боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүү жана илимий баяндамаларды жазуу багытындагы ойлорумду ишке ашырууга тырышчаактык менен аракет жасаймын. Ошондой эле илимий билимдерге болгон көз карашыбызды өзгөрткөн мыкты педагог, педагогика илимдеринин кандидаты Айгүл Элебесова эжейибизге терең ыраазычылыгымды билдирем.
Студенттердин жана окуучулардын илимий-тажрыйбалык конференциясына ак жол каалайм!
Студенттердин жана окуучулардын илимий изилдөө жүргүзүү иштери өнүгүп-өркүндөй беришин каалайм жана ага, албетте, өзүмдүн салымымды кошмокчумун!
Кундуз Өмүшова, ПНК-316-тайпанын студенти, И.Арабаев атындагы
КМУнун Колледжи
2018-жылдагы «ТҮРК ДҮЙНӨСҮ: БИЛИМ — ӨНӨР БУЛАГЫ» (Кыргызстан, Бишкек) жана «ТҮРКІ ӘЛЕМІ: ТАРИХИ ТЕРЕҢ ТҮРКІСТАН» (Казакстан, Түркстан) ТЕМАЛАРЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ТАЖРЫЙБАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯЛАРДЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ОЙЛОРУ
Ушул жылдын 3–4-майында И. Арабаев атындагы КМУнун Колледжинин базасында өткөрүлгөн студенттердин жана окуучулардын, окутуучулардын жана мугалимдердин «Түрк дүйнөсү: Билим – өнөр булагы» деген темадагы илимий-тажрыйбалык конференциясында I жана II орундарга ээ болгон жана барып-келүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар студенттер жана окуучулар, мугалимдер болуп, бардыгы 15 катышуучу 9-май күнү Казакстан Республикасынын Түркстан шаарына барып, Кожо Акмат Ясави атыдагы Эл аралык казак-түрк университетинде өткөн «Түркі әлемі: Тарихи терең Түркістан» аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясына катышып келдик. Ал жакта 5 күн жүрсөк дагы 5 жыл жүргөндөй болуп, өзүмө көптөгөн адамдык баалуулуктарды ала алдым. Бул ИТКдан мен өзүмө, Чыңгыз Айтматов атабыздын: «Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу» деген сөзүнүн маанисин тереңден түшүнүп, адам болуп жашайын деп, илимге, билимге болгон кызыгуум күндөн-күнгө артып барууда.
Башка элдин, башка жердин өз маданиятын, тилин, дилин, билимдүүлүгүн, эң негизгиси тарыхын сыйлап, барктап өнүктүрүп жаткандыгын көрүп, өзүмө өзүм: «Биздин Кыргыз мамлекетибиз деле Казакстан Республикасы менен чогуу эле эгемендүүлүккө жетишпеди беле, анда эмне үчүн алардай өнүгүп-өспөй, тилибиз жана тарыхыбыз анчалык баркталбай жатат?» деген суроо берип, ичимден өзүмдү жемелеп келүүдөмүн.
Эгерде ушундай илимий-тажрыйбалык конференциялар өткөрүлүп, илимий изилдөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турса, жаштарга мотивация берип, өз элин, жерин, эне тилин барктап, мага окшоп урматтап калат деген изги ойлорум бар.
Сапарың байсалдуу болсун, студенттердин жана окуучулардын илимий-тажрыйбалык конференциясы!
Ак жол!